АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели № 8/11-28
Коммерциялык объектилер үчүн ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин сессиясында “Ак-Кудук” муниципалдык ишканасынын директору Х.Раджаповдун коммерциялык объектилер үчүн ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жайгашкан коммерциялык объектилердин таза суу пайдалануу үчүн болгон тарифтин өлчөмү ар бир ишкана үчүн айына 2000 сом болуп бекитилсин.
- айыл аймагында жайгашкан автомашиналарды жуучу жайлардын таза суу пайдалануу үчүн болгон тарифтин өлчөмү ар бир автожуугучка 2000 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Омуралиевге жүктөлсүн
Төрага: | Кенжебек уулу А |