ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын XХIII cессиясы
2023-жылдын 1-марты №23/2
Жерге- Тал айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чолок- Кайың айылындагы “Калпанын алма багын”, песко блок чыгаруучу станок коюлган жер аянтын жана кампаны ижарага берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Чолок- Кайың айылындагы “Калпанын алма багы” 9 га жер аянты менен тарыхый мурас катары таануу менен муниципалдык менчик катары калтырылсын. Ѳз маскатында иш алып барылбагандыктан жеке менчикке жана арендага берүү жѳнүндѳгү мурунку Жерге-Тал айыл ѳкмѳтүнүн токтомдору жокко чыгарылсын.
2. “Калпанын алма багы” жалпы 9 га жер аянты менен 5 (беш) жылдык мѳѳнѳткѳ жылына 10,0 (он миң) сомдон аренда акы тѳлѳѳ менен келишимдин негизинде Дубанаев Сагындыкка арендага берилсин.
3. Песко блок чыгаруучу станок орнотулган жер аянты жана каркастары менен 3 (үч) жылдык мѳѳнѳткѳ жылына 10,0 (он миң сомдон) аренда акы тѳлѳп, иштетүү үчүн ишкер Алмабеков Муханбетке келишимдин негизинде ижарага берилсин.
4. Кампа жана ВИМ (дан эгиндерин тазалоочу аппарат он абалында) тараза (бузук абалда) элге кызмат кѳрсѳтүү максатында, дан эгиндерин сактап, тазалатуу үчүн ишкер ϴмүров Мирбек Райымбековичке жылына 5 (беш миң сомдон) аренда акы тѳлѳѳ менен келишимдин негизинде 3 (үч) жылдык мѳѳнѳт менен ижарага берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И.Иманалиевге тапшырылсын.
Тѳрага: | Т.Орунбаев. |