ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын XХIII cессиясы
2023-жылдын 1-марты №23/4
Жерге- Тал айыл ѳкмѳтүнүн балансасында турган, ээси аныкталбаган, мүлктѳрдүн баасын аныктоо менен айыл тургундарынын менчигине берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жерге- Тал айыл ѳкмѳтүнүн балансасында турган, мончонун имараты, жер аянты менен 300,0 (үч жүз миң сомго) бааланып, айыл тургуну Дѳѳлѳтов Нурбек Кудайбергеновичке жеке менчигине сатылсын.
2. 2 (эки) айлык мѳѳнѳттѳ 300,0 миң сом акча каражатын толугу менен тѳлѳп, тиешелүү документтерин бүткѳрүп алуу жагы Н.Дѳѳлѳтовго сунушталсын.
3. Тери цехтин имараты жана жер аянты 300,0 м/сомго баалансын.
4. Эски базардын ордунун 0,03 сот.жер аянты 25,0 (жыйырма беш миң сомго) бааланып, Мырзабаев Марс Жээнбековичтин жеке менчигине сатууга берилсин.
5. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳн кечиктирип, акча каражатын тѳкпѳгѳн шартта кайрадан сатууга коюлаары белгиленсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Иманалиевге жүктѳлсүн.
Тѳрага: | Т.Орунбаев. |