Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июну № 337
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 438 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105, 106-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 438 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибинде:
- 5-пунктта:
20-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20) убактылуу эсепке алуу суммалары - бул төлөмдүн таандыктыгы аныкталганга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын (мындан ары - Борбордук казыналык) эсептерине түшүүчү акча каражаттары;";
төмөнкүдөй мазмундагы 34-пунктча менен толукталсын:
"34) кайтарылуучу каражаттар - эл аралык финансылык уюмдардан жана институттардан (донорлордон) гранттар, тышкы финансылык жардам жана чет өлкөлүк кредиттер, зайымдар түрүндө түшүүчү акча каражаттары, алар "утурлама фонддордун" эсептеринде топтолот жана белгилүү программалардын талаптарын аткаруу үчүн же мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жабуу үчүн максаттуу мүнөзгө ээ.";
- 5-главанын аталышы "ачуунун/жабуунун" деген сөздөрдөн кийин "жана аталышын өзгөртүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 28-пункттун 1-пунктчасы "ачууга/жабууга" деген сөздөрдөн кийин "жана аталышын өзгөртүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 29-пунктта:
1-пунктча "ачуу/жабуу" деген сөздөрдөн кийин "жана аталышын өзгөртүү" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункт "бюджеттик мекеменин" деген сөздөрдөн кийин "жылдын аягына нөлдүк калдык менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"53. Убактылуу эсепке алуу суммаларына төмөнкүлөр кирет:
1) төлөм документинде коддордун жана башка реквизиттердин жоктугуна, жарым-жартылай же туура эмес көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу эсепке алуу тактоону талап кылган бюджеттик мекемелердин жана түшүүлөрдүн администраторлорунун пайдасына түшүүчү акча каражаттары (аныкталбаган түшүүлөр);
2) эл аралык финансылык уюмдардан жана институттардан (донорлордон) бюджеттик мекемелердин жана түшүүлөрдүн администраторлорунун пайдасына мультивалюталык эсептерге түшүүчү акча каражаттары;
3) мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан каражаттардын түшүүсү жана аларды тиешелүү бюджеттик, тескелүүчү казыналык эсептерге же коммерциялык банктардагы эсептерге киргизүүгө чейин тындыруу;
4) БКЭде чагылдырылган чет өлкөлүк валюта менен төлөөдө тышкы карызды тындыруу үчүн каражаттар;
5) чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага жана тескерисинче конвертациялоодон түшкөн каражаттар;
6) улуттук валютаны чет өлкөлүк валютадагы эквиваленттүү суммага жана тескерисинче алмаштыруу боюнча своп-операциялар боюнча акча каражаттары;
7) Улуттук банк, коммерциялык банктар жана башка финансылык-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акча каражаттары.";
- 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"58. Кирешенин түрүнө таандыктыгы белгиленбеген келип түшкөн төлөмдөр (аныкталбаган түшүүлөр) алар чегерилген күндөн тартып эки айдын ичинде убактылуу эсепке алуу суммалары катары эсепке алынат.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин бул суммалар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жана Борбордук казыналыктын Улуттук банктагы мультивалюталык эсептерине чет өлкөлүк валютада түшкөн убактылуу эсепке алуу суммаларын кошпогондо, 14511900 "Башка салыктык эмес кирешелер" кирешелерди классификациялоо элементи боюнча эсепке алынат.";
- 71-пункт "аларды кайтаруу" деген сөздөрдөн кийин "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан же болбосо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 94-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94. Атайын эсептер жана депозиттик казыналык өздүк эсептер боюнча кассалык чыгымга өтүнмөнү каттоодо AC кассалык чыгымга өтүнмөнүн суммасы каражаттардын бош калдыгынын суммасынан ашып кетпешин контролдойт.";
- 115-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"115. "Утурлама фонддордун" эсебине түшкөн кайтарылуучу каражаттар Министрлер Кабинетинин чечиминин же Кыргыз Республикасы менен донорлордун ортосунда түзүлгөн өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде Улуттук банкта ачылган Борбордук казыналыктын эсептеринде топтолот жана республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүндө ("Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК) чагылдырылбайт.
"Утурлама фонддордун" эсептеринен акча каражаттарын алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинетинин тескемеси боюнча жана эл аралык финансылык уюмдардын жана/же институттардын (донорлордун) уруксаты менен белгилүү программалардын талаптарын аткаруу же мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жабуу үчүн жүзөгө ашырылат.
Борбордук казыналык улуттук валютадагы кайтарылуучу каражаттар боюнча эсептердеги каражаттарынын кыймылына күн сайын аналитикалык эсепти жана мониторингди жүргүзөт.
Ай сайын Борбордук казыналык менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун ортосунда "утурлама фонддордун" эсептериндеги акча каражаттарынын кыймылы боюнча салыштырып текшерүү актысы түзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |