Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-ноябры № 28-14/69
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 16- ноябрындагы № 262 сандуу буйругун, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 260-б сандуу буйругун аткаруу максатында жана айылы өкмөтунүн 2022-жылдын 06-октябрындагы № 174 сандуу буйругунун негизинде токтом кылат:
1. Айыл аймагы боюнча Улуттук тазалык күнү деп жыл сайин сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде айыл аймагын көрктөндурүу, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иштелип чыккан эережелер бекитилсин. ( №1 -тирекме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.
Төрага |
| У.Кенжегараева |
|
| № 1-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кайыңды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 28-14/ 69 токтому менен |
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын аткаруу жана айыл аймагын көрктөндурүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иштелип чыккан эережелери
№ | Көрктөндурүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эережелер | Каржылоо булагы | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга милдеттүүлөр | Аткаруу үчүн көрүлгөн иш-чаралар чаралар |
1 | Айыл аймагына караштуу конушту айылдарды жашылдандыруу | Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр | Конуштуу айылдарды жашыл зонага айландыруу, айыл тургундарынын саламаттыгын сактоо | 2023-2025 ж.ж. | Айыл башчылар | Бак дарактардын көчөттөрүн сатып алууга табыштама дайындоо. |
2 | Конуштуу айылдарды көрктөндүрүү | Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр, айыл тургундары | Конуштуу айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жана жаңы конуштарда салына турган турак үйлөрдүн архитектуралык, этикалык, эстетикалык планын түзүү. | 2023-2025 ж.ж. | Айыл өкмөтү, айыл башчылар, жергиликтүү жамааттар | Айылдардын абалын жакшыртуу боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. |
3 | Конуштуу айылдардын тазалыгын сактоо | Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр, айыл тургундары | Айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, катуу тирчилик таштандыларды иретке келтирүү жана атайын таштоочу жайлардын абалын жакшыртуу. | 2023-2025 ж.ж. | Айыл өкмөтү, айыл башчылар, жергиликтүү жамааттар | Таштандыларды чыгаруу жана аларды сорттоо боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. |
4 | Айыл аймагынын тургундарынын арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү | Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр | Мектеп окуучулардын арасында мыйзамдуу-лукту жана тартипти сактоо боюнча тегерек сторлодорду, ачык сааттарды жана кесипкөй үлүгү көрсөтө ала турган абройлуу инсандардын катышуусу менен жолугушууларды өткөрүүнү уюштуруу. | 2023-2025 ж.ж. | Айыл өкмөтү, айыл башчылар, мектептердин администрациясы, мекеме уюмдардын жетекчирери, мамлекеттик эмес уюмдар. | Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнугүүсү жана дене тарбиясын өнүктүрүү |
5 | Айыл аймагына караштуу көрктөндурүү, жашылдандырууга берилүүчү жерлерди аныктоо | Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр | Конуштуу айлдарда эс алуу парктарды уюштуруу. | 2023-2025-ж.ж. | М.Мызаев, айыл башчылар | Айыл аймагынын Стратегиялык өнүгүү планына киргизүү |
Айыл өкмөтүнүн башкы адиси |
| М.Мызаев |