Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июну № 338
Нан, нан азыктары, кондитердик жана башка продукциялар менен камсыздоо жөнүндө
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасы мамлекеттик органдар, мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республикалык бюджеттен жана/же Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу, атайын эсептерге жана/же фонддордун каражаттарына ээ болгон ишканалар жана уюмдар, ошондой эле уюштуруу-укуктук статусуна жана каржылоо булагына карабастан мамлекеттик каражаттардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактар үчүн нан жана нан азыктарын, кондитердик жана башка продукцияларды өндүрүүчү жана даярдоочу болуп аныкталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте (макулдашуу боюнча):
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |