Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-июлу № 340
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясынын 21-бөлүгүнүн биринчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынан аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кабыл алуу, кароо боюнча ишти уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына чыгымдардын ордун толтурууну жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |