ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыш
2024-жылдын 24-январы № 23-9
Жер участогунун категориясын "Суу фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан берилген Лебединовка айыл аймагынын аймагындагы №23 контурда жайгашкан, жалпы аянты 1,70 га жерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жеңил конструкциядан техникалык базаны куруу үчүн» жерди эксплуатациялоо, алдын ала долбоорлоо үчүн, «Суу фондунун жерлери (саз)» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу багытындагы жерлер жана башка максаттар» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2024-жылдын 26-январындагы № 18-/388 корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 02-3/2290 корутундусунен, "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 01-9/2511 корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ноябрындагы 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 04-3/10507, Чүй суу чарба башкармалыгынын 01.09.2024-жылдын 1-сентябрындагы № 10 корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Лебединовка айылдык кеӊешинин 23-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Лебединовка айылдык аймагында №23 контурда жайгашкан “Суу фондусунун жерлери” (саз) категориясындагы, жалпы аянты 1,70га жерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жеңил курулуштан техникалык базасын курууга “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Лебединовка айылдык аймагында №23 контурда жайгашкан “Суу фондусунун жерлери” (саз) категориясындагы, жалпы аянты 1,70га жерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жеңил курулуштан техникалык базасын курууга “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жагын кароо өтүнүчү жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у А. тапшырылсын.
Төрага | Умурбаев К.К. |