Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 182/26-8
Талас шаардык кенешинин “Жаштар иштери спорт жана туризм боюнча”туруктуу комиссиясынын төрагасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин 2-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 9-главасынын 9.8-пунктунун негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы “Асыл Мурас Жаштар” фракциясынан депутат Н.Тургунбеков шайлансын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.Джаныбеков |