Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 45
Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 , 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 378-статьясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 23, 57-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 4.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.2. Кесиптик билим берүү программаларынын багыттары же адистиктери менен деңгээлдери, шарттарынын ченемдик чектери, ошондой эле окуп жаткандардын контингентинин чеги лицензиялоонун (өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо) жана аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.";
- 4.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жож мамлекеттик заказ боюнча кадрларды даярдоону республикалык (жергиликтүү) бюджеттен каржылоо сыяктуу эле, окутуунун акысын төлөөчү жеке адамдар же юридикалык тарап менен түзүлгөн келишим боюнча кадрларды даярдоону ишке ашырат. Окутуунун кайсы формасы болсо да, өзгөчө статуска ээ мамлекеттик окуу жайларын кошпогондо, алдын ала лицензияны алуу жана мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарынын талаптарын аткаруу милдеттүү болуп эсептелет.";
- 7.2-пунктта:
экинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик окуу жайларын кошпогондо, илимий-педагогикалык курамдын кызмат орундарын ээлөө контракттык-конкурстук негизде жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартибин өз алдынча аныктайт.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын кафедрасы жөнүндө жободо:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кафедранын ишине түздөн-түз жетекчиликти ЖОЖдун (өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо) жетекчисинин буйругу менен контракттык-конкурстук негизде 5 жылдык мөөнөткө чейин дайындалуучу, илимий даражасы жана наамы бар адистердин ичинен ЖОЖдун окумуштуулар кеңешинин жашыруун добуш берүүсү менен шайланган кафедра башчысы жүргүзөт. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары кафедра башчысынын кызмат ордун ээлөө же дайындоо тартибин өз алдынча аныктайт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Факультеттин ишине факультеттин деканы түздөн-түз жетекчиликти жүзөгө ашырат, ал ЖОЖдун (өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо) жетекчисинин буйругу менен контракттык-конкурстук негизде 5 жылга чейинки мөөнөткө дайындалат, ЖОЖдун факультетинин профессордук-окутуучу курамынын жалпы чогулушунда тийиштүү профилдеги жана квалификациядагы илимий даражасы жана наамы бар адистердин ичипен жашыруун добуш берүү менен шайланат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары декандын кызмат ордун ээлөөнүн тартибин өз алдынча аныктоого укуктуу.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Ушул Жобонун талаптары өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына жайылтылбайт. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары профессордук-окутуу курамын дайындоо тартибин өз алдынча аныктайт.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлардын мүлкүн. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары камкорчулук кеңештери менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ижарага берүүгө) укуктуу.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 61-главанын аталышында, 382-пунктунда, 383-пунктунун биринчи абзацында "(мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан башка)" деген сөздөр "(мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан, ошондой эле өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку билим берүү уюмдарынан башка)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 380-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"380. Билим берүү ишине лицензия (мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү жана транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан, ошондой эле өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку билим берүү уюмдарынан башка) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.".
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-февралындагы № 11 (3564) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 45
Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 , 2024-жылдын 8-июлундагы № 371, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 378-статьясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 23, 57-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)