Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 183/26-8
Талас шаарындагы жаш өспүрүм балдардын спорттук мектептеринин жалпы ишмердүүлүгү жана реформалык иш аракеттеринин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы жана 17.05.2023-жылдагы № 01-07/108 сандуу Талас шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт секторунун, 16.05.2023-жылдагы № 01-5/30 сандуу Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебинин маалыматтарынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт секторунун жетекчиси (Э.Чоноралиев), Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебинин жетекчиси (Т.Сүйүналиев) спорт мектептеринин жалпы ишмердүүлүгү жана реформалык иш аракеттеринин жыйынтыгы “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Тургунбеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |