Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 184/26-8
Талас шаарынын мэриясынын жаштар саясаты боюнча аткарган иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кенешинин 2023-жылга карата иш планы жана Талас шаарынын мэриясынын 29.05.2023-жылдын №01-19/1263 чыгыш сандуу маалыматынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мэриясынын жаштар саясаты боюнча аткарылган иш аракеттери “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Тургунбеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |