Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 185/26-8
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жалпы ишмердүүлүгү жана мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 24.05.2023-жылдын №01-7/120 сандуу Талас шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2022-2023-окуу жылында аткарган иш аракеттери боюнча маалыматтарынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Өмүрканов) жалпы билим берүү мектептери боюнча ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Талас шаарындагы мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын мектептердин абалы жана оңдоп түзөө жумуштары боюнча жеринде аныкталган корутундусунун негизинде, мектептердин жана бала бакчалардын ондоп түзөө иштери боюнча сметалык документтерин даярдоо жана Талас шаарынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинен каржылоого сунуштоо жагы Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Исраилов) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т.Жумабеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |