Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 186/26-8
Талас шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 24.05.2023-жылдын №01-7-120 сандуу маалыматына кошумча 2023-жылга карата мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин капиталдык курулушка жана оңдоп түзөөгө муктаждыгы тууралуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жалпы ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Шаардагы бала бакчалардын ичинен №4 орто мектебинин базасында жайгашкан №17 бала бакчанын кооптуулугу боюнча Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тиешелүү кызматтар менен биргеликте комиссия түзүлүп, имараттын авариялык жана сейсмикалык таянычы аныкталсын жана коопсуздугу аныкталган болсо бала бакчаны оңдоп түзөө жумуштарынын сметасы иштелип чыгып, 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы сунушталсын.
3. Талас шаарынын вице-мэрине (С.Токтосунова) жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып, шаардагы социалдык көйгөйлөрдүн приоритеттик долбоордук документтерин иштеп чыгып, Талас облусун өнүктүрүү багытындагы фонддорго жана башка каржылык булактарга сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т.Жумабеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |