Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 187/26-8
Талас шаардык “Баластан” балдарга билим берүү борборунун жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы жана Талас шаардык “Баластан” балдарга билим берүү борборунун 18.05.2023-жылдагы №31сандуу маалыматынын негизинде, Талас шаарынын “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К ЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Баластан” балдарга билим берүү борборунун (Ч.Сарыгулова) жалпы ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык “Баластан” балдарга билим берүү борборуна катышкан окуучулардын ичинен шаардан гана эмес, жалпы облустан келип билим алып жаткандардын саны арбын болгондуктан 2024-жылга карата билим берүү борборун толук кандуу республикалык бюджетке өткөрүү (айлык акысы республикалык бюджеттен каржыланат) боюнча тез арада мыйзам чегинде иш аракеттерди көрүү жагы Талас шаарынын мэриясына (Э.Джумаев) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т.Жумабеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |