Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 189/26-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги №168/22-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу тазалыкты сактоонун эрежелери” боюнча Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 14.06.2023-жылдагы №01-19/1466 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин ”Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги №168/22-8 сандуу токтому менен бекитилген “Талас шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун эрежелери” боюнча Жобосунун 3-параграфындагы “Турмуш тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруунун” 28-пунктчасын түшүндүрүүгө үлгү катары киргизилген 114-115-беренелери толугу менен алынып салынсын жана 29-пункттан баштап улантып окуп кетүү белгиленсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова ) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |