Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 188/26-8
Талас шаарындагы Калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча, Муниципалдык менчик башкармалыгы, “Таза Суу” жана “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканаларынын 2021-2022-жылдарда кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” жана “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссияларынын протоколдук сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынган Талас шаарындагы калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча, Муниципалдык менчик башкармалыгы жана “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканаларынын 2021-2022-жылдарда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынган Талас шаарындагы калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча,Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы жана “Таза Суу” муниципалдык ишканаларынын 2021-2022-жылдарда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы “канаттандыраарлык” деп табылсын жана “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы боюнча Талас шаардык кенешинин 23.11.2022-жылдагы №127/17-8 сандуу токтомунун аткарылбагандыгынын негиздери жөнүндө маселе ушул кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталып каралсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” жана “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |