Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 191/26-8
Талас шаарынын аймагында муниципалдык жер тилкелерин жеке менчик турак үй куруу үчүн берүүгө, сатууга жана Талас шаарынын муниципалдык токой фондусунун жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 13.06.2023-жылдагы №01-19/1441 сандуу “Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу, соода сатык багытындагы обьекттер үчүн жер участогуна жеке менчик укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” жана “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссияларынын протоколдук сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү менен байланышкан ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү, оптималдаштыруу жана административдик-уюштуруу процесстерди жакшыртуу максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүгө жана жеке менчикке сатууга 2025-жылдын 1-январына чейин мораторий жарыялансын.
2. Талас шаарынын муниципалдык токой фондусунун жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүүгө 2025-жылдын 1-январына чейин мораторий жарыялансын.
3. Бул токтом Талас шаарынын муниципалдык токой фондусунан буга чейин ижарага берилген жер тилкелерине жана жарандардын жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларында көрсөтүлгөн жер аянтынан иш жүзүндөгү ашыкча жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында сатылышына жайылтылбайт.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) жана “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |