Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели № 14/II
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун (үлүшүн) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 32 “Апсаматов Б.Н жана Ракматалиева С.Э. жеке жер участогун(үлүшүн) акысыз муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан жер участогун(үлүшүн) акысыз негизде алууга макулдук берилсин:
- Б.Н.Апсаматовдун жеке менчиктеги аянты 1,50 га контур №69; аянты 2,0 га контур №93; аянты 1,1 га контур №34 сугат айдоо жер участогун(үлүшүн)
- С.Э.Ракматалиеванын жеке менчиктеги аянты 3,0 га контур №369 сугат айдоо жер участогун(үлүшүн)
- Э.Т.Темирбековдун жеке менчиктеги аянты 1,20 га контур №34 сугат айдоо жер участогун(үлүшүн)
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги жер участогун (үлүшүн) айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Б.Сманов |