Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-майы № 17/III
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги №57, 2024-жылдын 14-майындагы №01-7/41, айыл аймактын жашоочуларына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө арызын карап жана талкуулап, Ысык-Ата райондук ӨК бөлүмүнүн 2024-жылдын 10-апрелиндеги №64 маалым каттын, 2024-жылдын 22-апрелиндеги жана 2024-жылдын 11-майындагы социалдык комиссиялардын түзүлгөн актыларынын негизинде
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Материалдык жардам көрсөтүлсүн:
- Надырбекова Батына Мурзабековнага -30 000 (отуз миң) сом суммасында, онкология оорусунан дарыланууга;
- Омуралиев Максатбек Иманкалыковичке – 30 000 (отуз миң) сом суммасында, жубайы Итибаева Назира Миратбековнага операция жасатууга;
- Омуралиева Айжан Чолпонбековнага – 10 000 (он миң) сом суммасында, апасы Киркиева Айтбубу Искаковнаны дарылатууга
- Чернолихова Ольга Афанасьевнага -40 000 (кырк миң) сом суммасында, турак үйүндө өрт кырсыгы болгондугуна байланыштуу;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн СЭБнүн башчысы Г.Жумакановага жүктөлсүн
Төрага | К.Б.Сманов |