Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Кара-Балта
электржылуулук менен жабдуу жана суу менен
камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кара-Балта электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Кара-Балта” ЭЖС ӨБ” МИ) чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
“Кара-Балта” ЭЖС ӨБ” МИ Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Балта электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин (мындан ары – Министрлик) актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кара-Балта электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Кара-Балтинское производственное объединение электротеплоснабжения и водообеспечения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Кара-Балтинское ПО ЭТВ ”.
5. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин юридикалык дареги: 724411, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары, түштүк өнөр жай зонасы.
6. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жобо
7. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат, ал “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИге бекитип берилген мүлккө менчик укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат, ал “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишин жалпы жетектчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт.
8. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максаттарына ылайык келүүчү жарандык укуктарга ээ жана ушул ишке байланышкан милдеттерди аткарат. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ белгиленген тартипте финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин толук фирмалык аталышы камтылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы жана бланктары бар.
11. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишинин негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат: жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө сатуу, электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу; керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо.
12. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишинин максаттары болуп жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн керектөөлөрүн сапаттуу канааттандыруу, пайда алуу, ошондой эле мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо жаатындагы социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
13. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин негизги милдеттери болуп керектөөчүлөрдү азыраак чыгымдар менен жылуулук жана электр энергиясы, ичүүчү суу менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо саналат.
14. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыга алат, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процессуалдык мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргой алат.
15. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ өзүнө мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрлөрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
17. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) чарба жүргүзүү укугунда от казандардын жана откана жабдууларынын объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда иштешин камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, от казандарды жана откана жабдууларын монтаждоо, пландык-алдын алуучу, оңдоо-калыбына келтирүү, ишке киргизүү иштерин аткарат;
4) откана чарбасынын объекттерин жана инженердик инфраструктурасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, талап кылынган параметрлерде электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо объекттерин күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдайт;
6) бир түзүлүштүн – когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерация) кайра айландырат;
7) жылуулук берүү мезгилинде аварияларды жоюу, иштен чыккан откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
8) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өнүктүрөт;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууну, отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электр энергиясын) даярдоону жүзөгө ашырат;
10) жылуулук, электр энергиясынын жана ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык отунду, сарпталуучу материалдарды, от казандарды жана откана жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алуу боюнча ишти жүргүзөт;
12) жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо объекттерин эксплуатациялоонун кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды киргизет, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну жүзөгө ашырат;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын объекттеринде жана инженердик курулмаларында от казандардын, откана жабдууларынын туруктуу, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча оперативдүү ишти уюштурат;
15) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) өз компетенциясынын чегинде жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары кароого жана демилгелөөгө мамлекеттик башкаруу органына же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
18) “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өз объекттерин өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияны, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жарактан чыккан жабдууларды жана башка мүлктү баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин иш чөйрөсүнө таандык болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде юридикалык жана жеке жактарды иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы бирикмелерге катышуучу (мүчө) болууга;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин системасынын кызматкери болуп саналбаган адамдарга карата сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди коопсуз эмгек шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишин мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу директор жетектейт.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга, милдеттерге ээ болот жана өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде иштейт.
24. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директору мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификацияланбаган иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директорун ээлеген кызмат ордунан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
25. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИде директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
Директордун орун басары “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директорунун орун басары төмөнкү учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директорунун орун басарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу анын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
27. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директоруна жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле алардын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
28. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн, анын ичинде жоюлган соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси кызмат ордунан бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
29. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директору:
1) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерди аткаруу үчүн бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин атынан ишеним катсыз зарыл болгон иш-аракеттерди жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин атынан чыгат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдык ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди орун басарлары менен макулдашуу боюнча бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) директордун орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
12) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизия жана аудит) уюштурат;
13) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
14) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
15) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
16) келерки финансылык жылга карата “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
17) келерки финансылык жылга карата “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
18) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
19) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйытыгы жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
20) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
21) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
22) откана чарбасынын объекттерин, инженердик инфраструктураны натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу, аларды техникалык оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлерде жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
23) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
24) кызматтык нускамаларды, кызмат орундарына квалификациялык талаптарды, “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
25) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
26) орун басарлары менен макулдашуу боюнча “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин иш режимин бекитет;
27) белгиленген тартипте “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
28) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот жана аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
29) белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директорунун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
30) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумга карата укуктук агартууга жана дем берүүгө багытталган чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат;
31) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
32) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин иши жөнүндө отчет берет;
33) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары, “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
34) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин кирешелер жана чыгашалар сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
30. Директор жок учурда “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталуучу башкы директордун орун басары жетектейт.
31. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат орду ээленгенге чейин анын милдеттерин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталуучу директордун орун басары аткарат.
6-глава. Финансы-чарбалык иш, эсепке алуу жана
отчеттуулук
32. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн актоо принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.
33. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ өзүнүн финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын чечмеленишин;
2) тармактын жана рыноктун баяндамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
34. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, анын ичинде “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту берет.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
35. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИни күтүүгө кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
36. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
37. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салууга же башка ыкма менен бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укуксуз.
38. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарымсыз негизде калктын жылуулукка жана ысык суу менен камсыздоого муктаждыктары үчүн берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин зыяндары компенсацияланат (субсидиялар);
39. Продукциянын (жылуулук энергиясынын жана электр энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
40. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу боюнча зайымдык каражаттарды тарта алат.
41. Мамлекеттик зайымдык каражаттар “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө берилиши мүмкүн.
42. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда ага менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
43. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин өз өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин же башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алган же сатып алган мүлкү, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИге чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
44. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
45. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин өндүрүштүк-чарбачылык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөр төлөнгөндөн кийин “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
46. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
47. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИ мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча тышкы аудит жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
48. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
49. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду жүргүзөт:
1) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчетуна киргизилиши керек.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
50. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
51. “Кара-Балта ЭЖС ӨБ” МИнин ишинин процессинде, кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.