Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү

сессиясы

 

2024-жылдын 28-марты № 6

 

“Мал-жандыктардын өлүгүн таштоочу жайга жер бөлүп берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы №517 сандуу “Эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө” токтомун жетекчилике алып Кыргызстан айылдык кенеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстан айыл аймагына караштуу Манас айылынын түштүк тарабында жайгашкан №512 контурдан 0,3га жер тилкеси мал –жандыктардын өлугүн таштоочу жайга (Яма беккари) бөлүнүп берилсин.

2. Жер тилим бөлүп берип, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М.Дүйшебаевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Оморов