Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү

сессиясы

 

2024-жылдын 28-марты № 7

 

“Тирчилик калдыктарын таштоочу жайга жер бөлүп берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 сандуу “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тирчилик калдыктарын иштетүү боюнча инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” жарлыгын жетекчилике алып Кыргызстан айылдык кенеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстан айыл аймагына караштуу Талас айылынын түштүк тарабында жайытын жеринде жайгашкан №469 контурдан 1,0 га жер тилкеси тирчилик калдыктарын таштоочу жайга бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын жана тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөтунун жер маселелер боюнча башкы адис Н.Абдрахмановго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Оморов