Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-майы № 18/IV
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер тилкесин кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
ЖЧК “Ала-Тоо” А.С.Абасовдун 2024-жылдын 21-майындагы жеке жер тилкесин акысыз муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине ЖЧК “Ала-Тоо” жеке менчиктеги аянты 9,0 га айыл чарба багытындагы жер тилкесин акысыз негизде алууга макулдук берилсин, жайгашкан дареги:Узун-Кыр айыл аймагы, №27 контур, идентификациялык номери 7-04-15-0004-0552
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги жер тилкесин айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Б.Сманов |