Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү
сессиясы
2024-жылдын 28-марты № 8
“Көрүстөнгө жер бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргызстан айыл Кенешинин кезектүү сессиясында Май-Төбө жамаатынын кайрылуусун карап жана талкууга салып Кыргызстан айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл аймагына караштуу Май айылынын түштүк тарабында жайытын жеринде №188,122,123,127 контурдан 4,6га жер тилкеси Кен-Коодон Май-Төбө жамаатына көрүстөнгө жер бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жана тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөтунун жер маселелер боюнча башкы адис Н.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Оморов |