Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июну № 21/V
Узун-Кыр айыл аймагындагы Мамлекеттик фонддун айыл чарба жерлерин инвентаризациялоонун материалдарын бекитүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 30-майындагы №01-8/139 катын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Узун-Кыр айыл аймагынын Мамлекеттик айыл чарба жерлерин инвентаризациялоонун материалдарын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык,Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагындагы Мамлекеттик фонддун айыл чарба жерлерин инвентаризациялоонун материалдары бекитилсин
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жерди инвентаризациялоонун бекитилген материалдарынын жыйынтыгы боюнча жерди иш жүзүнө жана укуктук абалга келтирүү үчүн тийиштүү чараларды көрүү милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К.Б.Сманов |