Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 4-июлу № 04-13/225
“Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 04-13/35, 2025-жылдын 13-августундагы № 05/2-17/205 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210 “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомунун 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн, бул буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо кайра иштетүү өнөр жайы, органикалык өндүрүш, экспорт жана интеграция, азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-министр
|
Б.Э. Торобаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 04-13/225 буйругуна тиркеме |
“Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун
УСТАВЫ
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 04-13/35, 2025-жылдын 13-августундагы № 05/2-17/205 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому (мындан ары – Коом) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга, акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн коммерциялык уюм болуп саналат.
2. Коом өз ишин Коомдун Уставынын, акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде жүзөгө ашырат.
3. Коом юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак катары түзүлдү деп эсептелет. Коомдун иштөө мөөнөтү чектелбестен түзүлөт.
4. Коомдун толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому”;
– расмий тилде: «Открытое акционерное общество «Кыргыз Агрохолдинг»;
– англис тилде: «Kyrgyz Agrо Holding» Open Joint Stock Company».
Коомдун кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Агрохолдинг” ААК”;
– расмий тилде: «ОАО «Кыргыз Агрохолдинг»;
– англис тилде – «Kyrgyz Agrо Holding» OJSC».
5. Коомдун жайгашкан жери: Бишкек шаары, Киев көчөсү,
№ 96-а.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Коомдун жалгыз акционери) коомдун уюштуруучусу жана жалгыз акционери болуп саналат.
7. “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун жалгыз акционеринин ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу органга – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине өткөрүлүп берилген.
2-глава. Коомдун юридикалык статусу, укуктары жана милдеттери
8. Коом юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын банктарында жана анын чегинен тышкары жерлерде алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерге ээ.
9. Коом – ачык акционердик коом формасында түзүлгөн коммерциялык уюм.
10. Коомдун кыргыз, орус жана англис тилдеринде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штамптары, өзүнүн фирмалык аталышы бар бланктары, өзүнүн эмблемасы, ошондой эле белгиленген тартипте катталган товардык белгиси жана визуалдык идентификациялоонун башка каражаттары болот.
11. Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык башкаруу формасын аныктоо, чарбалык чечимдерди кабыл алуу, продукцияны сатуу жана кызмат көрсөтүү, бааларды белгилөө, эмгек акы төлөө, таза кирешени бөлүштүрүү маселелеринде коом толук чарбалык өз алдынчалыкка ээ. Эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Коомдун ишине контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча алардын укуктарын козгобосо, Коомдун чарбалык жана башка иштерине кийлигишүүгө жол берилбейт.
12. Мамлекет тарабынан Коомго берилген кыймылсыз мүлк аны түзүүнүн алкагында жана толук кандуу иштеши үчүн ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет. Коом жоюлган учурда бул кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин балансына өткөрүп берүү жолу менен мамлекетке кайтарылып берилет.
Коомдун кийинки иштөөсүнүн жүрүшүндө ал сатып алган мүлк ага жеке менчик укугунда бекитилиши мүмкүн.
13. Коом өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат, жарандык жүгүртүүгө катыша алат, милдеттерди тарта алат, сотто доогер жана жоопкер боло алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү жасоого укуктуу.
14. Коом өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык өндүрүп алынышы мүмкүн болгон өзүнүн бардык мүлкү менен жоопкерчилик тартат.
15. Мамлекет мындай милдеттенмелерди өзүнө алган учурларды кошпогондо, Коом мамлекеттин милдеттенмелери боюнча, ошондой эле мамлекет Коомдун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
16. Коом Коомдун жалгыз акционеринин милдеттенмелери боюнча, ал эми Коомдун жалгыз акционери Коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт жана өзүнө таандык акциялардын наркынын чектеринде Коомдун иши менен байланышкан чыгымдардын тобокелдигин гана тартат.
17. Эгерде Коомдун кудуретсиздиги (банкроттугу) Коомдун жалгыз акционеринин же Коом үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө укугу бар же болбосо анын аракеттерин башкача түрдө аныктоого мүмкүнчүлүгү бар башка жактардын аракеттеринен (аракетсиздигинен) келип чыкса, анда Коомдун жалгыз акционерине же башка жактарга Коомдун мүлкү жетишсиз болгон учурда, анын милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн.
18. Коом тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу.
19. Коом коммерциялык сыр сактоого укуктуу. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын курамы коммерциялык сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Коомдун аткаруучу органы тарабынан аныкталат.
20. Коом ошондой эле төмөнкү укуктарга ээ, бирок алар менен чектелбейт:
1) эгерде акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык Коомду жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынбаса, чектелбеген мөөнөткө иштөөгө укуктуу;
2) акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставдын жоболорунда белгиленген тартипте акцияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгарууга, жайгаштырууга, алууга, сатып алууга, сатууга;
3) өз алдынча же башка коомдор менен бирдикте чарбалык шериктештиктерди жана коомдорду, инвестициялык жана финансылык платформаларды, фонддорду, ассоциацияларды жана бирикмелерди, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана юридикалык жактардын катышуусу менен түзүүгө, ошондой эле эл аралык, коомдук, кооперативдик жана башка уюмдар менен ишке катышууга жана башка формада кызматташууга;
4) Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде башкасыкаралбаса, эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүүгө, аймагында коом, филиал же өкүлчүлүк уюштурулуп жаткан акционердик коомдор же чет мамлекеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары туунду жана көз каранды коомдорду, филиалдарды түзүүгө, өкүлчүлүктөрдү ачууга;
5) юридикалык жактын укугу бар туунду коомдор үчүн Коом тарабынан бекитилген уставдардын негизинде иш алып барууга;
6) юридикалык жак болуп саналбаган филиалдар жана өкүлчүлүктөр үчүн Коом тарабынан бекитилген жобонун негизинде иш алып барууга. Филиалга жана өкүлчүлүккө алардын өзүнчө балансында да, Коомдун балансында да эсепке алынган мүлк берилет. Филиалдын жана өкүлчүлүктүн жетекчилери Коомдун башкы директору тарабынан дайындалат жана Коом тарабынан берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын чегинен тышкары чет өлкөлүк жана улуттук валютада банктык эсептерди ачуу жана жүргүзүүгө;
8) келишимдерди, контракттарды жана башка макулдашууларды түзүүгө;
9) ага ылайык мүлктү сатып алууга, пайдаланууга, ээси жана тескөөчүсү болууга, берүүгө жана ижарага алууга, сатууга жана башка ар кандай ыкма менен тескөөгө, ошондой эле акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставдын жоболорунда тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү жасоого;
10) Коомдун ишине ылайык кызмат адамдарын жана ыйгарым укуктуу кызматкерлерди, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды дайындоого, эмгек акынын жана сый акынын формаларын, өлчөмдөрүн жана түрлөрүн өз алдынча аныктоого;
11) кадрларды даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну кошо алганда, башкарууну уюштурууга, экономикалык иштин формаларын жана методдорун жакшыртууга;
12) Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Коомдун кызыкчылыгына акчалай ссудаларды берүүгө, Коомдун каражаттарын инвестициялоого жана кайра инвестициялоого;
13) Коомдун жалпы милдеттерин, ошондой эле кеңейтүүгө, реконструкциялоого жана техникалык жабдылууга болгон муктаждыктарды эске алуу менен өнүгүүнүн бирдиктүү стратегиясын ишке ашырууга;
14) соода, экономикалык, илимий жана техникалык ишмердикти, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташууну ишке ашырууга;
15) Коомдун ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон тендерлерди, анын ичинде эл аралык тендерлерди өткөрүүгө;
16) резервдик фонддорду түзүүгө же Коомдун туруктуу финансылык иши үчүн зарыл болгон башка фонддорду түзүүгө;
17) акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө же аны жаңы редакцияда бекитүүгө;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык укуктун ченемдеринде каралган өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
19) белгиленген тартипте Коомдун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон басылмаларды, телевизиондук, видеоканалдарды жана интернет-сайттарды уюштурууга;
20) Коомдун ийгиликтүү иштеши максатында гранттык, кредиттик жана заемдук негизде финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүчү эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
21) эл аралык институттардын, уюмдардын, коомдордун жана финансы-кредиттик уюмдардын катышуусу менен конференцияларды семинарларды, тегерек столдорду, көргөзмөлөрдү, уюштурууга жана катышууга;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган аракеттерди жасоого.
Коомдун иш-аракети Уставда көрсөтүлгөн иш-аракеттер менен гана чектелбейт.
21. Коюлган максаттарга жетүү үчүн Коомго төмөнкү маселелерди чечүү зарыл :
1) өндүрүлгөн продукцияны өндүрүүдө жана сатууда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо, анын ичинде фьючерстик контракттарды жана продукцияларды жеткирүүгө контракттарды түзүү, соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;
2) айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана тамак-аш өнөр жай ишканаларын өндүрүш үчүн зарыл болгон жабдуулар, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн мыкты сортторунунжана гибриддеринин жогорку сапаттагы сертификатталганүрөндөрү, асыл тукум жаныбарлары, ошондой эле канаттуулар, балык өстүрүүчү материалдар, ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар, минералдык биоорганикалык жер семирткичтер, КММ жана айыл чарба техникалары менен камсыздоого көмөк көрсөтүү;
3) агроөнөр жай комплексин кластердик өнүктүрүүгө жана кластердик бирикмелердин ишине көмөк көрсөтүү жолу менен экспорттук-импорттук операцияларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
4) жаңы айыл чарба өндүрүштөрүн түзүү (стартап деңгээлинде);
5) банктар жана финансы-кредиттик уюмдар аркылуу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана кайра иштетүүчү ишканаларды системалуу колдоо үчүн бюджеттик жана кредиттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
6) айыл чарба өндүрүшүн жана кайра иштетүү өнөр жайын механикалаштырууну өнүктүрүү, анын ичинде финансы-кредиттик уюмдар аркылуу лизинг жолу менен АӨК чөйрөсүндө ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;
7) Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясын сатуу, ошондой эле сатып алуулар боюнча, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү жана эл аралык уюмдардагы конкурстарга катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү профилдик кластердик ассоциациялар жана бирикмелер, эл аралык өнүктүрүү институттар жана фонддор менен биргеликте Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу;
9) чет өлкөлүк уюмдардын, компаниялардын, фирмалардын, чет өлкөлүк финансылык институттардын, ата мекендик юридикалык жана жеке жактардын инвестицияларын тартуу;
10) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, питомниктерге көмөк көрсөтүү, акыркы продукцияны өндүрүүнү жана сатууну пландаштыруу системасын киргизүү;
11) Кыргызстандын үрөн жана асыл тукум индустриясынын субъекттерин модернизациялоонун (техникалык жана технологиялык кайра жабдуунун) келечектүү планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
12) жаңы инновациялык өндүрүштү уюштуруу жолу менен заманбап ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды жана жаңы жумуш орундарын түзүү, Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жайын модернизациялоо жана импортту алмаштырууну камсыз кылуу;
13) маалыматтык-аналитикалык камсыз кылуу жана аларга финансылык колдоо көрсөтүү жолу менен менчиктин ар кандай формасындагы айыл чарба ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын ишине дем берүүчү чараларды ишке ашыруу;
14) айыл чарба ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын абалы жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуунун, сактоонун жана жайылтуунун автоматташтырылган системаларын санариптештирүүнү өнүктүрүү;
15) долбоордун инвестициялык стадиясынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, рынокту алдын ала инвестициялык талдоо жана инвестициялык долбоорду оптималдаштыруу;
16) Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы чөйрөсүндөгү иштин субъекттерине жаңы жогорку технологиялык продукцияны иштеп чыгууга, киргизүүгө, техникалык жабдылууга жана жеткиликтүү мыкты технологиялардын базасында атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык өндүрүштү түзүүгө багытталган долбоорлорду каржылоонун жана биргелешкен каржылоонун жеңилдетилген шарттарын берүүдө көмөктөшүү;
17) ата мекендик жана чет өлкөлүк укук ээлеринин интеллектуалдык ишмердигинин натыйжаларына укуктарды (лицензияларды жана патенттерди) сатып алуу;
18) айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы субъекттерине инжиниринг кызматтарын көрсөтүү;
19) Коомдун ишин өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
20) Коомдогу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ырааттуу жана пландуу иштерди жүргүзүү.
3-глава. Коомдун максаты жана ишинин түрлөрү
22. Коомдун ишинин негизги максаты товар өндүрүүчүлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын калкынын кызыкчылыгында азык-түлүк рыногун туруктуу түзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
23. Максаттарга жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Коом иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) айыл чарба продуктуларынын жана тамак-аш өнөр жайынын продукциясынын бардык түрлөрүн, ошондой эле үрөн жана асыл тукум продукциясын, көчөт материалын, КММ, минералдык жер семирткичтерди жана башка продукцияны кошкондо, айыл чарба өндүрүшү үчүн сырьелорду жана материалдарды түзүү, эсепке алуу, сактоону уюштуруу, жаңылоо, жылдыруу;
2) айыл чарба жана өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу;
3) продукцияларды жана товарларды сатып алуу жана сатып өткөрүү, экспорттук-импорттук операциялар, ошондой эле сатып алуу интервенциялары;
4) айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүүчү ишканаларды кластердик бирикмелерге бириктирүүгө көмөктөшүү;
5) агроөнөр жай жана айыл чарба комплексинде инвестициялык жана стартап-долбоорлорду, ошондой эле инвестициялык платформаларды илгерилетүү жана ишке ашыруу;
6) айыл чарба продукциясына мамлекеттик сатып алууларга жана тапшырыктарды жайгаштырууга катышуу;
7) агроөнөр жай жана айыл чарба комплексинде агроөнөр жай парктарын, соода-логистикалык борборлорду, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларды, ошондой эле инвестициялык механизмдерди түзүү, уюштуруу жана башкаруу;
8) айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана сатууну ишке ашыруу;
9) айыл чарба өндүрүшү үчүн чийки заттарды жана материалдарды сатып алуу жана аларды айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн арасында жайгаштыруу;
10) Азык-түлүк коопсуздугу боюнчаулуттук кеңештин чечими менен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн сатылып алынган продукцияны сатып алынган баасынан төмөн баада сатуу;
11) финансылык операцияларды жүргүзүү, анын ичинде карызга каражаттарды берүү, инвестициялык каражаттарды берүү жана бош каражаттарды коммерциялык банктардын эсептерине жайгаштыруу;
12) тышкы рыноктордо айыл чарба продукцияларынын маркетингин жана экспорттоону жүзөгө ашыруу;
13) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө санариптик, телекоммуникациялык жана алдыңкы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти киргизүү;
14) агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү потенциалын күчөтүүчү кросс-сектордук өндүрүштүк жана соода ишканаларын түзүү жана уюштуруу;
15) айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте даярдоо жана киргизүү;
16) Кыргыз Республикасынын МинистрлерКабинетининайыл чарбасын өнүктүрүү боюнча программасын ишке ашыруу;
17) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттерге ишкердикти колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген ар кандай формада, анын ичинде зайымдар, гранттар, чарбакер коомдордун уставдык капиталына төгүмдөр (салымдар), финансылык ижара (лизинг) жана тикелей инвестициялар түрүндө финансылык жана башка колдоо көрсөтүү;
18) кызыктар жактардын кайрылуусу боюнча долбоордун маркетингдик стратегиясын иштеп чыгуунун деңгээлин, айыл чарбасын жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин жыйынтыктарын киргизүүнүн келечегин экспертизадан өткөрүү;
19) техникалык, экономикалык, финансылык, инвестициялык, юридикалык, маркетингдик жана уюштуруу-башкаруу экспертизаларын кошо алганда, финансылык колдоо көрсөтүү үчүн айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин долбоорлорун белгиленген тартипте тандоо жана экспертиза жүргүзүү;
20) Кыргыз Республикасында агроиндустриялык парктарды жана агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
21) Кыргыз Республикасында айыл чарбасын жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катышуу;
22) Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын жана тамак-аш өнөр жайынын тармактарынын, анын ичинде банкрот болгон ишканалардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын абалы жана алардын өнүгүшүн болжомолдоо жөнүндө санариптик системалардын базаларын, маалымат банктарын жана маалымат ресурстарын түзүү, жүргүзүү жана пайдаланууну уюштуруу.
24. Коомдун иши ушул Уставда белгиленген түрлөр менен чектелбейт. Коом акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарга каршы келбеген башка иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу.
25. Эгерде иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдардын атайын уруксаты (лицензиясы, сертификаты) зарыл болсо, Коом иштин бул түрлөрүн мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү уруксатты (лицензияны, сертификатты) алгандан кийин гана жүзөгө ашырат.
26. Коомдун ишин каржылоо уставдык капиталдын каражаттарынын, анын ишинин натыйжасында алынган дивиденддердин эсебинен түзүлүүчү кирешелердин жана акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
4-глава. Уставдык капитал. Коомдун мүлкү жана каражаттары
27. Коомдун уставдык капиталы 430 000 000,0 (төрт жүз отуз миллион) сомду түзөт, ал 430 000,0 (төрт жүз отуз миң) даана жөнөкөй акцияларга бөлүнөт, бир акциянын номиналдык наркы 1000,0 (бир миң) сом.
(КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 13-августундагы № 05/2-17/205 буйругунун редакциясына ылайык)
28. Коомдун бардык акциялары энчилүү болуп саналат жана документардык эмес формада чыгарылат.
29. Ар бир жөнөкөй акция бир добушка ээ.
30. Коомдун акцияларыакционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.
31. Коомдун уставдык капиталы ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык көбөйүү же азаюу жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
32. Коомдун мүлкүн негизги каражаттар жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле башка баалуулуктар түзөт.
33. Коомдун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) финансылык-чарбалык жана башка иштерден алынган пайданын;
2) инвестициялардын;
3) баалуу кагаздар боюнча дивиденддердин;
4) ӨлчөмүКоомдун аткаруучу органы тарабынан аныкталган Коомдун курамына кирген бөлүмдөрдүн таза пайдасынан чегерүүлөрдүн;
5) эларалык жана башка гранттардын;
6) анын ичине эл аралыктарды кошуу менен, банктардынжана башка финансы-кредиттик уюмдардын кредиттеринин;
7) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде тыюу салынбаган башка кирешелердин жана булактардын.
34. Коом атайын фонд түзүүгө укуктуу, анын каражаттары Коомдун бөлүштүрүлбөгөн таза пайдасынан түзүлөт жана Коомдун жалгыз акционеринин чечими боюнча Коомдун уставдык капиталын көбөйтүүгө (капиталдаштырууга) багытталат.
35. Атайын фонддун каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат.
36. Коомдун акцияларын жана башка баалуу кагаздарын төлөп берүү акча, баалуу кагаздар, башка буюм же мүлктүк укуктар болбосо, акчалай наркы бар дагы башка укуктар менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Коомдун акцияларын төлөп берүүнүн түрлөрү аны уюмдаштыруу учурунда уюмдаштыруу келишими же Коомдун Уставы менен, ал эми кошумча акциялар жана дагы башка баалуу кагаздар - баалуу кагаздарды чыгаруу тууралу чечим менен аныкталат.
5-глава. Коомдун акцияларын көбөйтүү жана азайтуу
37. Коомдун бардык жөнөкөй акциялары бирдей номиналдык наркка ээ жана акционерлерге – алардын ээлерине укуктардын бирдей көлөмүн берет.
38. Коомдун жөнөкөй акциялары Коомдун жалгыз акционеринин компетенциясынын бардык маселелери боюнча добуш берүүчү акциялар болуп саналат.
39. Коом артыкчылыктуу акцияларды чыгарууга укуктуу, алардын уставдык капиталдын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 25 пайыздан ашпоого тийиш.
40. Артыкчылыктуу акциялар акционерлерге - алардын ээлерине бирдей укуктарды берет.
41. Артыкчылыктуу акциялар добуш берүү укугун бербейт. Ушул Уставда каралган учурлар өзгөчө болуп саналат.
42. Коомду түзүү учурунда уюштуруучулар сатып алган акцияларды кошпогондо, Акция толук төлөнгөнгө чейин добуш берүү укугун бербейт.
43. Потенциалдуу акционерди акцияларды төлөө милдетинен бошотууга, анын ичинде Коомго карата талаптарды эсепке алуу жолу менен бул милдеттен бошотууга жол берилбейт.
44. КоомКоомдун жалгыз акционеринин чечими боюнча жүгүртүлүүчү акциялардын санын кошумча, анын ичинде артыкчылыктуу акцияларды чыгаруу же жайгаштырылган акцияларды бөлүштүрүү жолу менен көбөйтүүгө укуктуу.
45. Коомдун жалгыз акционеринин Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын көбөйтүү жөнүндөгү чечими менен ушул категориядагы (типтеги) жарыяланган акциялардын санынын чегинде ар бир типтеги жайгаштырылуучу кошумча жөнөкөй же артыкчылыктуу акциялардын саны, жайгаштыруу ыкмасы, жайгаштыруу баасы, аны аныктоо тартиби, кошумча акцияларга акы төлөөнүн формасы, жарыяланган жазылуунун мөөнөттөрү аныкталат, ошондой эле жайгаштыруунун башка шарттары аныкталышы мүмкүн.
46. Кошумча акцияларды чыгарууда Коомдун жалгыз акционерине белгиленген тартипте акцияларды сатып алууга артыкчылыктуу укук берилет.
47. Коомдун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуунун артыкчылыктуу укугу Коомдун акцияларынын эмиссиясы катталган учурдан тартып бир жылдын ичинде же Коомдун кошумча акцияларын чыгаруу жөнүндө Коомдун жалгыз акционеринин чечими менен аныкталган башка мөөнөттө колдонулат.
48. ЭгердеКоомдун жалгыз акционери Коомдун кошумча чыгарылуучу акцияларын же алардын бир бөлүгүн сатып албаса, Коом бул акцияларды Коомдун жалгыз акционери менен макулдашылган баа боюнча өзү сатып алууга укуктуу.
49. Баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрбөстөн жана КоомдунУставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен, кошумча акцияларды чыгарууга же жайгаштырылган акцияларды бөлүп чыгарууга тыюу салынат.
50. Коом тарабынан чыгарылган кошумча акцияларды жайгаштыруу, баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө Коомдун жалгыз акционеринин чечими менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
51. Эгерде Коом чыгарылган акцияларды ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жайгаштырбаса, Коомдун жалгыз акционери Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.
52. КоомКоомдун жалгыз акционерининчечими боюнча жүгүртүлүүчү акциялардын санын Коомдун акцияларынын бир бөлүгүн сатып алуу же болбосо аларды жокко чыгаруу же жалпы санын кыскартуу максатында аларды консолидациялоо жолу менен азайтууга укуктуу.
53. Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларын сатып алуу же жокко чыгаруу жолу менен алардын санын азайтууга,анын бардык кредиторлоруна билдирилгенден кийин гана жол берилет. Мында Коомдун кредиторлору Коомдун тиешелүү милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылууга укуктуу.
54. ЭгердеКоомдун өздүк капиталы акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн болуп калса, Коом алардын жалпы санын кыскартуу максатында жайгаштырылган акциялардын бир бөлүгүн сатып алуу жолу менен Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз
55. Коом өзү жарыялаган акцияларды кийинчерээк кайра сатуу же жокко чыгаруу үчүн сатып ала алат. Мындай акциялар сатып алынган күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен сатылууга тийиш, антпесе Коомдун жалгыз акционери үч айлык мөөнөттө аталган акцияларды жокко чыгаруу жолу менен жүгүртүлүүчү акциялардын санын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
Бул максаттар үчүн Коом сатып алган акциялар добуш берүү укугун бербейт, алар добуштарды эсептөөдө эсепке алынбайт, алар боюнча дивиденддер эсептелбейт.
56. Коом өзү чыгарган акциялар менен сатып алган учурдан тартып бир жылдык мөөнөт өткөндөн кийин бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.
57. Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын азайтуу жөнүндө Коомдун жалгыз акционери кабыл алган чечимдин негизинде Коом сатып алган акциялар аларды сатып алганда тындырылат.
58. Акцияларды сатып алуу жөнүндө Коомдун жалгыз акционеринин чечими менен сатып алынуучу акциялардын категориялары, Коом тарабынан сатылып алынуучу ар бир категориядагы акциялардын саны, сатып алуу баасы, төлөө формасы жана мөөнөтү, ошондой эле акцияларды сатып алууну ишке ашыруумөөнөтү аныкталууга тийиш.
59. Коом тарабынан акцияларды сатып алуу баасы акциялардын рыноктук наркы боюнча аныкталат.
60. КоомКоомдун жалгыз акционеринин чечими боюнча жайгаштырылган акцияларды консолидациялоону жүргүзүүгө укуктуу, анын натыйжасында Коомдун эки же андан көп акциялары ошол эле категориядагы бир жаңы акцияга конвертирленет. Мында ушул Уставга акциялардын номиналдык наркына жана санына карата тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
61. Консолидация учурунда фракциялык акциялар пайда болгон учурда, алар Коом тарабынан номиналдык наркы боюнча сатып алынууга тийиш.
62. Коомдун акциялары күрөөгө коюлганда кийин аларды өндүрүп алуу күрөө кармоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндөгү мыйзамдарында белгиленген эрежелер колдонулат.
6-глава. Акционерлердин реестри
63. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
64. КоомКоомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону Коомдун атынан агент катары иш алып барган көз карандысыз реестр кармоочуга тапшырууга укуктуу, ошого карабастан Коом реестрди жүргүзүү жана сактоо үчүн жоопкерчиликтен бошотулбайт.
Коом ошондой эле акционерлердин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону өз алдынча жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул учурда Коомдун жалгыз акционери акционерлердин реестрин жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу адамды тандайт жана ага тиешелүү ыйгарым укуктарды берет.
65. Акционерлердин реестринде баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтар камтылууга тийиш.
Эмитент-коом сатып алган өздүк акциялар жөнүндө маалыматтар акционерлердин реестрине милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш.
66. Коомдун аткаруу органы акционерлердин реестрин жүргүзүүгө укугу бар көз карандысыз реестр кармоочу жайгашкан жер боюнча акционерлердин реестрин сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Реестр кармоочу гана өзгөртүүлөрдү киргизе алат жана акционерлердин реестрин сактай алат.
67. Коомдун акцияларын сатып алган жак акционерлердин реестрине жазуу жазылган учурдан тартып, алар боюнча бардык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алат.
68. Акционерлердин реестринин жана жеке эсептердин мазмуну, акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, коомдун макулдугу же акционердин өзүнүн макулдугу менен гана ачыкка чыгарылууга же үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш болгон коммерциялык сыр болуп саналат.
69. Коом акционерлердин реестринин баштапкы эсепке алуу документтерин, чогулуштардын протоколдорун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген мөөнөттүн ичинде, бирок кийин архивге өткөрүп берүү менен 5 жылдан кем эмес убакытка сактоого милдеттүү.
7-глава. Коомдун пайдасын бөлүштүрүү. Дивиденддерди төлөө
70. Бюджетке бардык салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр төлөнгөндөн кийин Коомдун таза кирешеси Коомдун карамагында калат жана дивиденддер түрүндө Коомдун жалгыз акционерине төлөнүп берилет, резервдик фонддорго которулат, өндүрүштү өнүктүрүүгө же Коомдун жалгыз акционеринин чечими менен каралган башка максаттарга багытталат.
71. Финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө, дивиденддердин өлчөмү жана ар бир категориядагы акциялар боюнча аларды төлөөнүн формасы жөнүндө чечим Коомдун жалгыз акционери тарабынан кабыл алынат.
72. ДивиденддерКоомдун жалгыз акционеринин менчиги болуп саналат.
73. Дивиденддер акча менен төлөнөт. Дивиденддер акциялар (пайданы капиталдаштыруу), баалуу кагаздардын башка түрлөрү, мүлк, акчалай баага ээ болгон мүлктүк же башка укуктарды өткөрүп берүү түрүндө да төлөнүшү мүмкүн.
74. Бир жөнөкөй акцияга эсептелген дивиденддердин өлчөмү Коомдун аткаруу органы сунуш кылган өлчөмдөн көп болушу мүмкүн эмес, бирок Коомдун жалгыз акционери тарабынан азайтылышы мүмкүн.
75. Дивиденддерди төлөп берүүнүбаштоо күнү Коомдун жалгыз акционеринин дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечими менен аныкталат (төлөп берүү күнү) жана мындай чечим кабыл алынгандан кийин 30 күндөн эрте жана 120 күндөн кечиктирилбестен болушу мүмкүн эмес.
76. Эгерде дивиденддерди төлөө учурунда Коом банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банкроттук (кудуретсиздик) белгилерине жооп берсе же дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында Коомдо көрсөтүлгөн белгилер пайда болсо, Коом акциялар боюнча дивиденддерди жарыялоого жана төлөп берүүгө укуксуз.
8-глава. Баалуу кагаздар
77. Коом Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндөгү укуктук актыларында каралган облигацияларды жана башка эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштырууга укуктуу.
78. Облигацияларды жана башка эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу жөнүндө чечимди Коомдун жалгыз акционери кабыл алат.
79. Облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде чыгаруунун көлөмү, жайгаштыруу тартиби, мөөнөттөрү жана башка төлөө шарттары аныкталууга тийиш. Облигациялар документтик же документтик эмес формада чыгарылышы мүмкүн.
80. Коом бир жолку төлөө мөөнөтү бар облигацияларды же белгиленген мөөнөттө сериялар боюнча аныкталган облигацияларды чыгара алат.
Облигацияларды тындыруу, аларды чыгаруу жөнүндө чечимге ылайык акчалай формада же башка мүлктө ишке ашырылышы мүмкүн.
81. Чыгарылган мезгилге карата Коомдун эки жылдык балансы талаптагыдай бекитилген шартында, акциялар акыркы жолу жайгаштыргандан кийин жана иштеп баштаган учурдан тартып үч жылдан эрте эмес өзүнүн капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага облигацияларды чыгарууга жол берилет.
82. Коом облигацияларды алардын ээлеринин каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүнчүлүгүн шарттоого укуктуу. Мында облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде төлөө наркы жана мөөнөтүнөн мурда төлөөгө сунуштала турган мөөнөтү аныкталууга тийиш.
9-глава. Фонддор
83. Коом фонддорду түзүүгө укуктуу.
84. Түзүлүүчү фонддордун арналышы, түзүү тартиби жана өлчөмү Коомдунаткаруучу уюмунун сунушу боюнча Коомдун жалгыз акционеринин чечими менен аныкталат. Коомдун каражаттары Коомдун таза кирешесинен түзүлөт.
10-глава. Коомдун башкаруу жана контролдоо органдары
85. Коомдун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Коомдун жалгыз акционери – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети – жогорку башкаруу органы;
2) Коомдун башкы директору – Коомдун учурдагы ишине жетекчиликти жүзөгө ашыруучу жеке аткаруучу орган. Коомдун башкы директорунун компетенциясына Коомдун жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына кирбеген бардык маселелерди чечүү кирет;
3) Коомдун ревизору – контролдоочу орган. Коомдун ревизору Коомдун финансылык-чарбалык ишин контролдоо үчүн акционерлердин жалпы чогулушу менен шайланат.
86. Коом Директорлор кеңешин түзбөстөн, башкарууну жүзөгө ашырат.
87. Коомдун башкаруу жана контролдоо органдарынын иши КоомдунУставы жана Коомдун ички документтери (жоболору) менен жөнгө салынат.
11-глава. Коомдун жалгыз акционери
88. Коомду башкаруунун жогорку органы болуп Коомдун жалгыз акционери саналат, анын компетенциясына акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык маселелер кирет.
89. Коомдун жалгыз акционери жыл сайын коомдун президенти белгилеген мөөнөттө, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын
1-майынан кечиктирбестен анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга милдеттүү. Өзүнүн компетенциясынын чегинде Коомдун жалгыз акционери ар кандай маселени кезексиз тартипте кароого укуктуу.
90. Коомдун жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) КоомдунУставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же КоомдунУставын жаңы редакцияда бекитүү;
2) Коомду кайра уюштуруу;
3) Коомдун стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын түзүү, ошондой эле Коомдун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышын контролдоо;
4) Коомду жоюу, жоюу комиссиясын дайындоо жана жоюу балансын бекитүү;
5) Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу), ошондой эле акцияга конвертирленүүчү баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл алуу;
6) Коом тарабынан кошумча чыгарылуучу акцияларды же акцияга конвертирленген Коомдун баалуу кагаздарын жабык жайгаштыруу жөнүндө чечимин кабыл алуу;
7) Коом тарабынан акцияларга конвертирленбеген облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл алуу;
8) Коомдун артыкчылыктуу акцияларын жөнөкөй акцияларга конвертациялоо;
9) Коомдун акцияларын же акцияга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алууга акционердин артыкчылыктуу укугун колдонбоо жөнүндө чечимин кабыл алуу;
10) бүтүм жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата Коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 жана андан жогору пайызынын наркы менен Коом тарабынан ири бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө чечимин кабыл алуу;
11) Коомдун мүлкүн күрөөгө коюу жөнүндө чечимин кабыл алуу;
12) долбоорлорго, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө катышуу жөнүндө чечимин кабыл алуу;
13) дивиденддердин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечимин кабыл алуу;
14) Коомдун башкы директорун дайындоо жана анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
15) башкы директордун орун басарынын кызмат ордуна дайындоо, талапкерди бошотуу үчүн макулдук берүү;
16) Коомдунревизорун дайындоо жана анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
17) Коомдун башкы директоруна төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
18) Коомдунревизоруна төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
19) Коомдун резервдик жана башка фонддорун пайдалануу;
20) Коомдун жылдык отчетторун, бухгалтердик баланстарын, киреше жана чыгаша эсептерин бекитүү, анын кирешелери менен чыгашаларын бөлүштүрүү;
21) Коомдун жылдык бюджетин бекитүү;
22) Коомдун аудиторун дайындоо жана анын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо;
23) ушул Уставдын жоболорун акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү;
24) акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен Коомдун жалгыз акционеринин компетенциясына таандык башка маселелерди чечүү.
91. Коомдун ушул Уставы менен Коомдун жалгыз акционеринин гана компетенциясына таандык маселелер боюнча чечим Коомдун аткаруучу органына тапшырылышы мүмкүн эмес.
92. Коомдун жалгыз акционеринин чечими төмөнкүлөрдүн демилгеси боюнча кабыл алынат:
1) Коомдун жалгыз акционеринин;
2) Коомдун башкы директорунун;
3) Коомдун ревизорунун;
4) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдары бузулган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ыйгарым укуктуу органынын.
93. Коомдун жалгыз акционеринин чечими акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш.
Чечим кабыл алуу үчүн Коомдун жалгыз акционери координациялык-кеңешүүчү органды түзөт. Курамы жана ал жөнүндөгү жобо Коомдун жалгыз акционеринин чечими менен бекитилет.
12-глава. Коомдун жалгыз акционеринин укуктары жана милдеттери
94. Коомдун жалгыз акционери төмөнкүдөй мүлктүк укуктарга ээ:
1) Коомдун ишинен пайданын (дивиденддердин) бөлүгүн алууга;
2) ал жоюлган учурда Коомдун мүлкүнүн бир бөлүгүн алууга;
3) баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана коомдун ушул Уставында белгиленген эрежелерди эске алуу менен Коомдун акцияларын же болбосо алардын бир бөлүгүн сатуугаң, же башка ыкма менен башка жарандарга, же юридикалык жактарга менчикке өткөрүп берүүгө;
4) акцияларды же алардын бир бөлүгүн күрөөгө, же ишенимдүү башкарууга башка жарандарга, же юридикалык жактарга берүүгө;
5) Коом чыгарган акцияларды артыкчылыктуу тартипте сатып алууга;
6) Коом өндүргөн продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) алууда артыкчылыктуу укукка ээ болууга.
95. Коомдун жалгыз акционери төмөнкүдөй мүлктүк эмес укуктарга ээ:
1) акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган тартипте коомдун иштерин башкарууга катышууга;
2) өз укуктарынсот аркылуу коргоого;
3) чечим чыгарылган учурдан тартып бир жылдын ичинде коом тарабынан кабыл алынган чечимдерди талашууга;
4) акциялардын чыгарылышын,Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мамлекеттик каттоодон өткөргөн учурдан тартып, эки айдын ичинде эмиссиянын жана/же эмиссияга байланыштуу жол-жобонун аныктыгын сот тартибинде талашууга;
5) акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте коомдун иши жөнүндө маалымат алууга.
96. Коомдун жалгыз акционери Акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Коомдун Уставына ылайык башка мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болушу мүмкүн.
97. Коомдун жалгыз акционери төмөнкүдөй милдеттерге ээ:
1) КоомдунУставынын жоболорун жана Коомдун ишин жөнгө салуучу башка документтерди сактоого;
2) Коомдун жалгыз акционери болуу менен ал алган Коомдун иши жөнүндө коммерциялык сырды жана жашыруун маалыматты ачыкка чыгарбоого;
3) акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомго карата белгиленген тартипте өзүнө кабыл алынган өз чечимдерин аткарууга;
4) Коомдун уставдык максаттарына жетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө;
5) Коомго зыян келтириши мүмкүн болгон иш-аракеттерден алыс болууга;
6) Коомдун акцияларын кармоочулардын реестрин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө көз карандысыз реестр кармоочуга билдирүүгө. Коомдун жалгыз акционери өзүнүн маалыматтарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат бербеген учурда, Коом жана көз карандысыз реестр кармоочу ушуга байланыштуу келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт;
7) акцияларга ушул Уставда каралган тартипте, өлчөмдө жана ыкмада жана аларды чыгаруу жөнүндө чечимде акы төлөө.
13-глава. Коомдун башкы директору
98. Коомдун башкы директору — Коомдун жалгыз акционери тарабынан дайындалуучу жана ушул Устав менен ага берилген компетенциянын чегинде Коомдун учурдагы ишине жетекчиликти жүзөгө ашыруучу Коомдун жеке аткаруучу органы. Коомдун башкы директорунун компетенциясына Коомдун жалгыз акционеринин гана компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Коомдун учурдагы ишин жетектөөнүн бардык маселелери кирет.
99. Коомдун башкы директору ушул Уставда берилген компетенциянын чегинде Коомдун бардык ишине жетекчилик кылат.
100. Коомдун башкы директору өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Коомдун мүлкүн башкарууга жана аны тескөөгө ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Коомдун башкы директору Коомдун өндүрүштүк-чарбалык ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына, ушул Уставдын жоболоруна, Коомдун жалгыз акционеринин чечимдерине жана ички регламентке ылайык жүзөгө ашырат.
101. Коомдун башкы директору Коомдун жалгыз акционеринин жактыруусуна берилгенге чейин финансылык отчет, Коомдунревизорунун корутундулары, докладдары жана жылдык отчету менен таанышат.
102. Коомдун жалгыз акционери Коомдун башкы директорунун компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укугу жок.
103. Коомдун башкы директору жыл сайын жылдык отчетту, балансты, кирешелер жөнүндө отчетту, жылдык бюджетти даярдайт, ал Коомдун жалгыз акционерине жана Коомдунревизоруна таанышуу үчүн аталган материалдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
104. Коомдун башкы директору Коомдун жалгыз акционеринин өзгөчө компетенциясына кирген маселелер боюнча өзүнүн сунуштарын Коомдун жалгыз акционерине берүүгө укуктуу.
105. Коомдун башкы директору Коомдун ишине тиешелүү маселелерди Коомдун жалгыз акционеринин кароосуна киргизүүгө укуктуу.
106. Коомдун башкы директору Коомдунревизору боло албайт.
107. Коомдун башкы директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) активдердин баланстык наркынын элүү пайызынан аз өлчөмдөгү активдерди түздөн-түз же туунду коом аркылуу сатууга;
2) түздөн-түз же туунду ишканалар аркылуу Коомдун активдеринин баланстык наркынын элүү пайызынан аз өлчөмүндө кошумча активдерге ээлик кылууга мүмкүндүк берген активдерди сатып алууга же башка операцияларды жүргүзүүгө;
3) Коомдун ички документтерин, Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду кабыл алуу жана бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
4) Коомдун штаттык ырааттамасын жана Коомдун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгекакы төлөө шарттарын бекитүүгө;
5) Коомду күтүү чыгымдарынынсметасын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, туунду коомдорунун, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүүгө ж.б.;
6) документтердин типтүү формаларын, нускамалык, методикалык көрсөтмөлөрдү жана башка ченемдик документтерди ушул Устав менен берилген өз ыйгарым укуктарынын чегинде бекитүүгө;
7) Коомдун жалгыз акционерине Коомдун учурдагы ишинин бардык маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) акциялар боюнча дивиденддердин өлчөмү жана аларды төлөө тартиби боюнча Коомдун жалгыз акционерине сунуштарды даярдоого;
9) Коомдун жалгыз акционеринин кароосуна материалдарды даярдоого;
10) Коомдун жалгыз акционерине жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүүнүн же азайтуунун көлөмү, шарттары жана тартиби боюнча сунуштарды даярдоого;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставга жана башка локалдуу ченемдик актыларга ылайык Коомдун ишинин максаттарына жетүү жана анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарууга, буга КоомдунУставында, башка локалдуу ченемдик актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Коомдун башка башкаруу органдарына бекитилген функциялар кирбейт.
108. Коомдунбашкы директору ушул Устав менен анын өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди жеке өзү чечет.
109. Коомдун башкы директорунун өзгөчө компетенциясына төмөнкү ыйгарым укуктар жана укуктар кирет:
1) ишеним катсыз Коомдун атынан аракеттенүүгө, анын ичинде анын таламдарын билдирүүгө;
2) Кыргыз Республикасындагы, ошондой эле анын чегинен тышкары бардык мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда, бардык юридикалык жана жеке жактар менен, анын ичинде соттордо жана арбитраждарда Коомдун атынан чыгууга;
3) Коомдун атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга Коомдун кызматкерлерине ишеним каттарды берүүгө;
4) Коомдун жалгыз акционеринин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;
5) Коомдун уюштуруу жана контролдоо иштеринин негизги иш-чараларынын пландарын бекитүүгө;
6) Коомдун финансылык документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ болууга;
7) Коомдун атынан бүтүмдөрдү жасоого;
8) башкаруунун формаларын жана методдорун аныктоого, Коомдун өндүрүшүн башкаруу саясатын аныктоого, Коомдун ишмердүүлүгүнө ыкчам учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырууга;
9) Коомдун жалгыз акционери (ыйгарым укуктуу орган) менен макулдашуу боюнча Коомдунбашкы директорунун орун басарларын дайындоого, бошотууга;
10) түзүмдүк бөлүмдөрдүн, туунду жана көз каранды чарбалык коомдордун, өкүлчүлүктөрдүн, Коомдун филиалдарынын жетекчилерин дайындоого, милдеттердибөлүштүрүүго, алардын жоопкерчилик деңгээлин белгилөөгө;
11) өз компетенциясынын чегинде Коомдун бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарууга жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
12) Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрү, туунду жана көз каранды коомдору, өкүлчүлүктөрү, филиалдары менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктоого жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
13) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Коомдун кызматкерлерин ишке кабыл алууга жана бошотууга;
14) Коомдун кызматкерлерин сыйлоо боюнча маселелерди чечүүгө, аларга сыйлоонун башка чараларын колдонууга, белгиленген тартипте Коомдун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомдун кызматкерлерине жаза колдонууга;
16) Коомдун ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашыруу үчүн башка ыйгарым укуктарга.
110. Коомдунбашкы директору финансылык отчеттордун жана атайын билимди талап кылган башка маселелердин тууралыгын ырастоо максатында көз карандысыз аудиторлорду жана башка адистерди тартууга укуктуу.
111. Коомдунбашкы директору өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставга жана Коомдун жалгыз акционеринин чечимдерине ылайык так жүзөгө ашырат.
14-глава. Коомдун финансылык-чарбалык ишин контролдоо. Коомдун ревизору
112. Коомдун финансылык-чарбалык ишин контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн Коомдун жалгыз акционери тарабынан акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомдунревизору шайланат.
113. Коомдунревизоруна жүктөлгөн функцияларды аткаруунун жүрүшүндө ал коомдо кандайдыр бир штаттык кызматты ээлебеген адамдардын ичинен эксперттерди тарта алат. Ишке тартылган адистердин аракеттери үчүн жоопкерчиликти Коомдунревизору тартат.
114. Коомдунревизорунуниш тартиби Коомдун жалгыз акционери тарабынан бекитилүүчү Коомдун ички документи менен аныкталат.
Коомдун ревизору жүргүзүлгөн ревизия жөнүндө отчетту, ошондой эле бекитүүгө берилген бухгалтердик баланстын жана кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттун, Коомдогу иштердин чыныгы абалына аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар менен дал келүүсү жөнүндө корутундуну Коомдун жалгыз акционерине берет.
115. Коомдун финансылык-чарбалык ишин текшерүү (ревизия жүргзүү) Коомдун бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча, ошондой эле кайсы убакта болбосун, Коомдун жалгыз акционеринин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
116. Текшерүүлөрдүн документ түрүндө таризделген натыйжалары Коомдун ревизору тарабынан чара көрүү үчүн Коомдун башкы директорунун кароосуна берилет жана Коомдун жалгыз акционерине маалымдалат.
117. Жылдык финансылык отчетту текшерүү жана аныктыгын тастыктоо үчүн Коом жыл сайын түзүлгөн келишимдин негизинде мындай текшерүүнү жүзөгө ашырууга лицензиясы бар жана Коом же анын катышуучуларынынмүлктүк кызыкчылыктары менен байланышпаган (тышкы аудит) кесиптик аудитордук уюмду тартат.
118. Коомдун финансы-чарбалык ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Коомдун ревизору жана аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн корутундуларда акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган маалыматтар камтылууга тийиш.
15-глава. Эсеп жана отчеттуулук
119. Коом бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү, анын мүнөзү, көлөмү, ченемдеринин тизмеси жана берүү тартиби бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
120. Бухгалтердик эсептин жана башка отчеттуулуктун уюштурулушуна, абалына, тууралыгына, ар жылдык отчеттун жана башка финансылык отчеттун тиешелүү органдарга өз убагында берилишине, ошондой эле акционерлерге, кредиторлорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына Коомдун иши жөнүндө маалыматтардын берилишине Коомдун башкы директору жана Коомдун башкы бухгалтери жоопкерчилик тартат.
121. Коомдо, анын филиалдарында жана өкүлчүлүктөрүндө эсепке алуу саясаты, документ жүгүртүүнү уюштуруу акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коомдун башкы директорунун чечими менен белгиленет.
122. Коомдун финансылык жылы 1-январдан 31-декабрды кошкондогу мезгил деп белгиленет.
16-глава. Коомдун Уставы жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
123. Коомдун ушул Уставынын талаптарын Коомдун бардык органдары жана Коомдун жалгыз акционери аткарууга милдеттүү.
124. КоомдунУставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же Коомдун Уставын жаңы редакцияда бекитүү Коомдун жалгыз акционеринин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Коомдун жалгыз акционери тарабынан кабыл алынган чечимдер акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш.
125. Каалаган адам Коомдун Уставы менен таанышууга укуктуу. Коом ага Коомдун Уставы менен таанышуу мүмкүндүгүн берүүгө жана анын талабы боюнча Коомдун Уставынын көчүрмөсүн аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпаган акы үчүн берүүгө милдеттүү.
17-глава. Коомдун документтери
126. Коом төмөнкү документтерди сактоого милдеттүү:
1) Коомдун Уставы,Коомдун Уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, Коомду түзүү жөнүндө чечим, Коомду мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк;
2) иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензиялар жана уруксаттар;
3) Коомдун балансында турган мүлккө болгон укугун ырастоочу документтер;
4) Коомдун жалгыз акционери жана Коомдун башка башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү Коомдун ички документтери;
5) Коомдун филиалдары же өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболор;
6) жылдык отчеттор;
7) Коомдун акцияларынын эмиссиясынын проспекттери;
8) бухгалтердик эсеп документтери;
9) финансылык отчеттуулук, анын ичинде тиешелүү органдарга берилүүчү документтер;
10) Коомдун жалгыз акционеринин чечимдери;
11) Коомдунревизорунун, аудитордун, финансылык контролдоонун мамлекеттик органдарынын корутундулары;
12) акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда, Коомдун жалгыз акционеринин, Коомдун башкы директорунун чечимдеринде жана ички документтерде каралган башка документтер.
127. Коом ушул Уставдын 128-пунктунда каралган документтерди Коомдун аткаруучу органы жайгашкан жерде же кызыкдар жактар үчүн белгилүү жана жеткиликтүү башка жерде сактайт.
128. Коомду кайра уюштурууда бардык документтер (башкаруучулук, финансы-чарбалык, өздүк курам боюнча жана башкалар) акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук мураскоруна өткөрүлүп берилет. Коом жоюлган учурда, анын иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
18-глава. Коомду кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
129. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Коомдун жалгыз акционеринин чечими боюнча ыктыярдуу түрдө кайра түзүлүшү мүмкүн.
Коомду кайра уюштуруунун башка негиздери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
130. Коомду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү формасында ишке ашырылышы мүмкүн.
Коомду кайра уюштурууда анын укуктары жана милдеттери Коомдун укук улантуучусуна өтөт.
131. Коом кошуу формасында кайра уюштурулган учурдан тышкары, жаңы пайда болгон юридикалык жактар мамлекеттик катталган учурдан тартып кайра уюшулган болуп саналат.
Коомду башка коомго кошуу жолу менен кайра уюштурууда, алардын биринчиси кошулган Коомдун ишин токтотуу жөнүндө жазуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген учурдан тартып, кайра уюштурулду деп эсептелет.
132. Кайра уюштуруунун натыйжасында пайда болгон коомдорду мамлекеттик каттоо жана кайра уюштурулган коомдордун ишин токтотуу жөнүндө жазууну киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
133. Коомду кайра уюштуруу расмий басылмага бул тууралуу билдирүү жарыялангандан кийин эки айдан эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлөт. Кредиторлор Коомду кайра уюштуруу жөнүндө маалымат жарыяланган учурдан тартып эки айдын ичинде Коомго тийиштүү милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда токтотуу же аткаруу жөнүндө талапты коюуга укуктуу, ал эми Коом алардын талабын канааттандырууга милдеттүү.
Эгерде бөлүү балансы кайра уюштурулган Коомдун укук улантуучусун аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда жаңы пайда болгон юридикалык жактар кайра уюштурулган Коомдун анын кредиторлорунун алдындагы милдеттенмелери боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.
134. Эгерде натыйжада кайра уюштурулган Коомдун капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген уставдык капиталдын өлчөмүнөн аз болуп калса, Коом кайра уюштурулууга тийиш эмес.
135. Коомду кайра уюштурууда анын жөнөкөй, ошондой эле эмиссиясынын проспектисине ылайык жөнөкөйгө конвертирленген Коомдун артыкчылыктуу акцияларын мүлккө жана башка мүлктүк укуктарга алмаштырууга жол берилбейт.
136. Бириктирүү жөнүндө келишим жана бириктирүүдөгү өткөрүп берүү актысы, бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган Коомдун Жалгыз акционеринин чечими жана бөлүүдө жана бөлүп чыгаруудагы бөлүштүрүү балансы жаңы түзүлүүчү чарбалык коомдордун уюштуруу келишимин алмаштыруучу документтер болуп саналат.
19-глава. Корутунду жоболор
137. Эгерде ушул Уставдын жоболорунун кайсы бири жараксыз болуп калса, бул калган жоболордун колдонулушун токтото туруу үчүн негиз болуп саналбайт. Жараксыз жоболор укуктук жактан жол берилген же мааниси боюнча жакын жоболор менен алмаштырылат.
138. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
139. УшулУставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген учурда акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.