КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү
сессиясы
2024-жылдын 17-апрели № 11
“Муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө”
Кыргызстан айыл аймагына караштуу Муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө Кыргызстан айылдык кеӊешинин депутаттары талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн карамагында турган Муниципалдык ишкана ачылсын.
2. Муниципалдык ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарды ишкананын ишинин түрүнө, функцияларына жана аткарган тапшырмаларына ошондой эле ишкананын Уставында каралган ишкананын жетекчисинин укуктарына жана милдеттерине жараша айыл өкмөт башчысы дайындасын.
3. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн алдындагы Муниципалдык ишкананын аты “Талас – Май” ишканасы деп аталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага |
| К. Оморов |