Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 146

 

Арал айыл аймагынын 2023-жылга социалдык – экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-планын жана 2023-жылга белгиленген инвестициялык планын бекитүү жөнүндө

Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын Арал айыл аймагынын 2023-жылга социалдык – экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары жөнүндөгү иш-планы жана 2023-жылга белгиленген инвестициялык планы боюнча маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV –сессиясы токтом кылат:

 

1. Арал айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык – экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш- пландын долбоору бекитилсин.

2. 2023-жылга белгиленген инвестициялык план бекитилсин.

3. Белгиленген пландын аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.С.Кыдыров