Редакцияот 02.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын  2-июну  № 23/V

 

Иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы кызматын Узун-Кыр айылдык кеңештин штаттык ырааттамасына киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө токтомуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңешинин ишин уюуштуруу максатта

Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин штаттык бирдигине иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы кызматы бекитилсин

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнө иш кагаздарын жүргүзүүчү- катчы кызматын айылдык кеңештин штаттык ырааттамасына киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

К.Б.Сманов