Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Каракол жылуулук менен
жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы (“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ) чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин (мындан ары – Министрлик) актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: Государственное предприятие “Каракольское предприятие теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ;
– расмий тилде: ГП “Каракольское предприятие теплоснабжения”.
5. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жапаров көчөсү, 66.
6. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат, ал “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилген мүлккө менчик укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат, ал “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
8. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максатына ылайык келүүчү жарандык укуктарга ээ жана ага ушул иши менен байланышкан милдеттер жүктөлөт “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
11. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү болуп керектөөчүлөргө жылуулук, өндүрүү жана берүү түрүндө жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу саналат.
12. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары болуп жылуулук энергиясы менен камсыздоо боюнча кызматтарда калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылуулук менен камсыздоо тармагында мамлекеттик программаларын жана социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
13. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери азыраак чыгым менен керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо болуп саналат.
14. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
17. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен борбордук аппарат жана өкүлчүлүктөр аркылуу жүзөгө ашырат.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда отканалардын жана отказан жабдууларынын чарба жүргүзүү укугунда иштешин камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, откананы менен отказан жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоо-калыбына келтирүүчү, иштетип жөнгө салуучу иштерди аткарат;
4) отказан чарбасы жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук менен жабдуу күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
6) бир түзүлүштүн – когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерация) кайра айландырат;
7) жылытуу сезону мезгилинде иштен чыгып калган отказанды, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
8) жаңы технология жана заманбап жабдуу менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулугун өнүктүрөт;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат, отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү) камдайт;
10) жылуулук энергиясы бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
11) отунду, сарпталуучу материалдарды, откананы жана отказан жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле отунду жана отказан чарба товарларын ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алууну жүргүзөт;
12) жылуулук менен камсыздоо объекттерин эксплуатациялоонун кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды ишке киргизет, откаказандарды отундун альтернативдүү түрүнө которууну жүзөгө ашырат;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде объекттерде жана инженердик курулмаларында отканалардын, отказан жабдууларынын туруктуу, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
15) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти жана коопсуздук техникасын сактоо боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) өз компетенциясынын чегинде жылуулук менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары кароо жана демилгелөө үчүн мамлекеттик башкаруу органына же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
18) “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болуп калган жабдуулар менен башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышуучу (мүчө) болууга;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди коопсуз эмгек шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчетторду берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директор жетектейт, аны мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлирер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызмат ордуна үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга жана милдеттерге ээ жана өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
24. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча отчетун кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызмат ордунан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимдин бузулушуна алып келет.
25. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИде башкы инженердин кызмат орду каралган.
Башкы инженер “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин башкы инженер төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда, эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин башкы инженерин ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимдин бузулушуна алып келет.
26. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
27. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулгандар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле убакта өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
28. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерди аткаруу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратынын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
12) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бекитилген бюджетине ылайык директордун сунушу боюнча “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өкүлчүлүктөрүнүн уюштуруу түзүмүн, штаттык расписаниесин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитет;
13) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт жана ыйгарым укуктарын белгилейт;
14) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт;
15) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иштерин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
16) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
17) келерки финансылык жылга карата “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
18) келерки финансылык жылга карата “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
19) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
21) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
23) отказан чарбасынын объекттеринин, инженердик инфраструктуранын натыйжалуу пайдаланылышын жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда күтүүгө, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылууга жоопкерчилик тартат;
24) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
25) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматтык нускамаларын, кызмат ордуна квалификациялык талаптарды бекитет;
26) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
27) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш режимин бекитет;
28) белгиленген тартипте “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
29) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот жана аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
30) белгиленген тартипте “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин башкы инженерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуш киргизет.
31) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун укуктук жактан агартууга жана стимулдарын түзүүгө багытталган чараларды көрөт;
32) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
33) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иши тууралуу отчет берет;
34) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерди кошпогондо, “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
29. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин киреше жана чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
30. Директор жок болгон учурда “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталган ишкананын кызматкери жетектейт.
31. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган ишкананын кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчеттуулук
32. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүзөгө ашырат, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ.
33. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын чечмеленишин;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
34. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
35. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин аппаратын күтүүгө кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
36. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
37. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шеркитештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга же башка ыкмалар менен бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
38. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарылгыс негизде калктын жылуулукка болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин зыяндары (субсидиялар) компенсацияланат;
39. Продукциянын (жылуулук энергиясы) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
40. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу боюнча зайымдык каражаттарды тарта алат.
41. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
42. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
43. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алынган кирешесинин же башка булактардын эсебинен жаңы түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилет.
44. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
45. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбалык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөр төлөнгөндөн кийин “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин карамагында калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
46. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, “Караколдогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчетторду берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
47. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
48. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
49. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду жүргүзөт:
1) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү, “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
2) финансылык, бухгалтердик, башкаруу маалыматтарынын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетко киргизилүүгө тийиш.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
50. “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
“Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.