Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июну № 24/V
Тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитүү жөнүндө
“Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т.Орозалиевтин тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитип берүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 беренесинин 11-пунктуна, 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, айыл аймактын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу, «Жашыл Мурас» муниципалдык ишканасынын зыянсыз жана кирешелүү, ишенимдүү ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин: ар бир короодон айына 210 сомдон тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу тарифи (180 кг салмактагы тиричилик калдыктары боюнча (5 мүшөк), эгерде көлөмү ашып кетсе, анда турак үйдүн ээси жана “Жашыл Мурас”муниципалдык ишканасынын өз ара макулдашуусу менен алынат.
2. ”Жашыл Мурас”муниципалдык ишканасына:
- таштанды чыгаруу жума сайын бекитилген график боюнча чыгарылсын.
3. Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-июлундагы №105/ХХV-28 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин
4. Кварталдык комитеттерге “Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын иш алпаруусуна колдоо көрсөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | К.Б.Сманов |