Редакцияот 02.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын  2-июну  № 25/V

 

Турак жай коммуналдык чарба кызматкерлерине кошумча төлөм жөнүндө

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Алыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, ошондой эле айыл өкмөтүнүн турак жай коммуналдык чарба кызматкерлерине колдоо көрсөтүү максатында,

Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн турак жай коммуналдык чарба кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө жана 2024-жылдын 1-июнунан баштап жергиликтүү бюджеттин эсебинен турак-жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн штаттык тизимине ай сайын кошумча акы белгилөөгө урукат берилсин:

- таштанды чыгаруучу автоунаанын айдоочусуна 10 000 сомдон;

- трактордун айдоочуларына 10 000 сомдон;

- таштанды жүктөөчүгө- 20 000 сомдон

- айыл өкмөттүн юристине -10 000 сом

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссияга жүктөлсүн

 

 

Төрага

К.Б.Сманов