Загрузка документа…
| 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Беловодск райондор
аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы”
мамлекеттик ишканасынын уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ) чарба жүргүзүү укугунда негизделип, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин (мындан ары – Министрлик) актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Беловодское межрайонное предприятие тепловодоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Беловодское межрайонное предприятие тепловодоснабжения”.
5. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 724600, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Беловодское айылы, Ломоносов көчөсү, 1а.
6. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат жана “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилген мүлккө карата ээлик кылуу укугун ишке ашырат.
8. Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
9. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
10. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
11. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган анын ишинин предметине жана максаттарына ылайык келүүчү жарандык укуктары бар жана ага бул иши менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
12. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы жана бланктары бар.
13. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү: жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө сатуу.
14. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары болуп жылытуу жана суу менен камсыздоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, пайда алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик программаларын, жылуулук жана суу менен камсыздоо тармагында социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
15. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери болуп чыгымды азыраак жумшап, керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы жана ысык суу менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо саналат.
16. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
17. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
18. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат.
19. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
20. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
21. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) от казандардын жана откана жабдууларынын объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда чарба жүргүзүү укугунда иштешин камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук жана суу менен камсыздоо объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, от казандар менен откана жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоочу-калыбына келтирүүчү, иштетип жөнгө салуучу иштерди аткарат;
4) откана чарбасынын жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо объекттерин күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдоону жүзөгө ашырат;
6) бир түзүлүштүн – когенерациялык орнотмонун ичинде жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын жылуулук энергиясына кайра айландырат (когенерация);
7) аварияларды жоюу үчүн жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштырууга материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
8) өкүлчүлүктөрдү жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өнүктүрөт;
9) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат, отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электр энергиясын) камдайт;
10) жылуулук энергиясы менен ысык суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
11) отунду, сарпталуучу материалдарды, от казандарды жана откана жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алуу боюнча иштерди жүргүзөт;
12) жылуулук жана суу менен камсыздоо объекттерин пайдалануунун кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды киргизет, отканаларды отундун альтернативдүү түрлөрүнө которууну жүзөгө ашырат;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде объекттерде от казандардын, откана жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
15) эмгекти жана коопсуздук техникасын коргоо боюнча жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) өз компетенциясынын алкагында жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, андан ары кароого жана демилгелөөгө мамлекеттик башкаруу органына же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
18) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана ишке ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
22. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ өз функцияларын жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болуп калган жабдууларды жана башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышуучу болууга (мүчөлүк);
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын кызматкерлери болуп саналбаган адамдарга сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
23. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
24. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттенмелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
25. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директор жетектейт, аны кызматка мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындайт.
26. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга, милдеттерге ээ жана өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
27. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы бошотот.
28. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
29. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
30. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИде директордун орун басары кызмат орду каралган.
Директордун орун басары “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
31. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директорунун орун басары ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директорунун орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу аны менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
32. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле алардын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна жана анын орун басарына сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
33. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси ээлеген кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле убакта өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик ишти жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
34. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруу үчүн бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алат;
12) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин бекитилген бюджетине ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;
13) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директорунун орун басарынын милдеттерин бөлүштүрөт, кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
14) өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизия жана аудит) уюштурат;
15) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
16) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчетторду, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
17) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
18) келерки финансылык жылга карата “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
19) келерки финансылык жылга карата “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
21) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
23) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
24) откана чарбасынын, инженердик инфраструктуранын объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
25) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
26) кызматтык нускамаларды, кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды, “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
27) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
28) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин иш режимин бекитет;
29) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан ишеним каттарды белгиленген тартипте берет;
30) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот жана аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын колдонот;
31) өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
32) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук жактан агартууга багытталган чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат;
33) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга катышат;
34) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин иши тууралуу отчет берет;
35) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт;
36) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратынын кирешелер жана чыгашалар сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
35. Директор жок болгон учурда “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталган директордун орун басары же башкы инженер жетектейт.
36. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган директордун орун басары же башкы инженер тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчеттуулук
37. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ.
38. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын формулировкасын;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
39. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун киргизет жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, анын ичинде “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту берет.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
40. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин борбордук аппаратын жана өкүлчүлүктөрүн кармоого кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
41. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары жана ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
42. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салууга же башка ыкма менен бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
43. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарылгыс негизде калктын жылытууга жана ысык суу менен камсыздоого болгон муктаждыгына берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин тарткан зыяндары компенсацияланат (субсидиялар).
44. Продукциянын жылуулук энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
45. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайым келишимдерин түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу боюнча зайымдык каражаттарды тарта алат.
46. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
47. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансылык каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан ага берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
48. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн өндүрүштүк-чарбалык ишинен алынган кирешелеринин же башка булактардын эсебинен жаңы түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИге бекитип берилет.
49. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберилет.
50. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбалык ишин жүргүзүүнүн натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөр төлөнгөндөн кийин “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
51. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
52. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИ тышкы аудитти жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
53. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүзөгө ашырылат.
54. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду жүргүзөт:
1) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетуна киргизилүүгө тийиш.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
55. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
56. “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.