Загрузка документа…
| 6-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Нарын райондор аралык
жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу–укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Нарын РАЖӨБ” МИ) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин” филиалынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. “Нарын РАЖӨБ” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Нарын РАЖӨБ” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси”;
– расмий тилде: “Нарынское межрайонное производственное объединение теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Нарын РАЖӨБ” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Нарын РАЖӨБ” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Нарынское МПОТ”.
5. “Нарын РАЖӨБ” МИнин юридикалык дареги: 724411, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары.
6. “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Нарын РАЖӨБ” МИнин уюштуруучусу болуп саналат жана “Нарын РАЖӨБ” МИге бекитилип берилген мүлккө карата ээлик кылуу укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
8. “Нарын РАЖӨБ” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Нарын РАЖӨБ” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максатына ылайык келүүчү жарандык укуктары бар жана ага ушул иштери менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. “Нарын РАЖӨБ” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Нарын РАЖӨБ” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Нарын РАЖӨБ” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
11. “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишинин негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет: жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө сатуу; электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу; керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу.
12. “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишинин максаттары болуп электр, жылуулук, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле электр, жылуулук, суу менен жабдуу тармагындагы мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
13. “Нарын РАЖӨБ” МИнин негизги милдеттери болуп керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы, ичүүчү суу менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана эң аз чыгым менен саркынды сууларды чыгаруу болуп саналат.
14. “Нарын РАЖӨБ” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Нарын РАЖӨБ” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Нарын РАЖӨБ” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
17. “Нарын РАЖӨБ” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Нарын РАЖӨБ” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Нарын РАЖӨБ” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) чарба жүргүзүү укугунда объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда от казандардын жана откана жабдууларынын иштешин камсыз кылат;
2) откана жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылат;
3) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону ишке ашырат, от казандарды жана откана жабдууларынын монтаждоо, пландоо-алдын алуу, оңдоо-калыбына келтирүү, ишке киргизүү-жөнгө салуу иштерин аткарат;
4) откана чарбасынын объекттерин жана инженердик инфраструктураны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
6) бир түзүлүштүн – когенерациялоочу станциянын чегинде электр жана жылуулук энергиясын биргелешип өндүрүүнү жүзөгө ашырат же технологиялык процесстердин калдык энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерациялоо) айландырат;
7) жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу максатында материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
8) жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулугун өнүктүрөт;
9) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдар, жабдуулар, көмүр, мазут, газ, электр энергиясы) камдайт;
10) жылуулук, электр энергиясынын жана ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
11) отунду, сарпталуучу материалдарды, от казандарды жана откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алат;
12) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин иштетүүнүн кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну ишке киргизет;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализация чарбасынын объекттериндеги жана инженердик курулмаларындагы буу казандарынын, буу казандарынын жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
15) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) өзүнүн компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) өзүнүн компетенциясынын чегинде жылуулук, электр жана суу менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жана демилгелөөсүнө киргизет;
18) “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жарандык коргонуусун уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Нарын РАЖӨБ” МИ өзүнүн функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жараксыз болуп калган жабдууларды жана башка мүлктөрдү баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Нарын РАЖӨБ” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Нарын РАЖӨБ” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Нарын РАЖӨБ” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышуучу (мүчө) болууга;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, бирок “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин системасынын кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
14) “Нарын РАЖӨБ” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22.“ Нарын РАЖӨБ” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Нарын РАЖӨБ” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өзүнүн милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишин мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу директор жетектейт.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин башкы директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга жана милдеттерге ээ болуу менен өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
24. “Нарын РАЖӨБ” МИнин директору ээлеген кызматынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча отчётун кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимди бузууга алып келет.
25. “Нарын РАЖӨБ” МИде директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары “Нарын РАЖӨБ” МИнин директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
Директордун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. “Нарын РАЖӨБ” МИнин директорунун орун басарлары төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин директорунун орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу анын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
27. “Нарын РАЖӨБ” МИнин директоруна жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле алардын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
28. “Нарын РАЖӨБ” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде жоюлган;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси кызматынан бошотулгандар;
4) мурда менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
29. “Нарын РАЖӨБ” МИнин директору:
1) “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларына ылайык милдеттерин аткаруу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылат;
4) “Нарын РАЖӨБ” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Нарын РАЖӨБ” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өзүнүн компетенциясынын чегинде “Нарын РАЖӨБ” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Нарын РАЖӨБ” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди орун басарлары менен макулдашуу боюнча бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Нарын РАЖӨБ” МИнин борбордук аппаратынын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында башкы директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) башкы директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, “Нарын РАЖӨБ” МИнин кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
12) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык иштерине текшерүүнү (ревизия жана аудит) уюштурат;
13) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
14) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчетторду, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык иштерин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
15) “Нарын РАЖӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
16) келерки финансылык жылга карата “Нарын РАЖӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планынын долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
17) келерки финансылык жылга карата “Нарын РАЖӨБ” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
18) “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
19) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчётту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
20) “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
21) “Нарын РАЖӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
22) откана чарбасынын объекттеринин, инженердик инфратүзүмүнүн натыйжалуу пайдаланылуусун жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
23) “Нарын РАЖӨБ” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
24) кызматтык нускамаларды, кызмат орундарына квалификациялык талаптарды, “Нарын РАЖӨБ” МИнин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
25) “Нарын РАЖӨБ” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
26) орун басарлар менен макулдашуу боюнча “Нарын РАЖӨБ” МИнин иш режимин бекитет;
27) белгиленген тартипте “Нарын РАЖӨБ” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
28) “Нарын РАЖӨБ” МИнин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын колдонот;
29) “Нарын РАЖӨБ” МИнин директорунун орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте сунуш киргизет;
30) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук жактан агартууга багытталган чараларды көрөт;
31) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
32) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Нарын РАЖӨБ” МИнин иши тууралуу отчет берет;
33) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Нарын РАЖӨБ” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
34) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Нарын РАЖӨБ” МИнин борбордук аппаратынын киреше жана чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет;
30. Директор жок болгон учурда “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталган башкы инженер жетектейт.
31. Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткарууну мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган директордун орун басары жүзөгө ашырат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчет берүү
32. “Нарын РАЖӨБ” МИ өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарга ээ.
33. “Нарын РАЖӨБ” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырат.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын аныктоо;
2) тармактын жана рыноктун баяндамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
34. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Нарын РАЖӨБ” МИнин башкы директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Нарын РАЖӨБ” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётун, анын ичинде “Нарын РАЖӨБ” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчётту берет.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
35. “Нарын РАЖӨБ” МИнин борбордук аппаратын, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кармоого кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
36. “Нарын РАЖӨБ” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
37. “Нарын РАЖӨБ” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбалык коомдор менен жамааттардын уставдык капиталына салууга же башка ыкмалар менен аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
38. Республикалык бюджеттен “Нарын РАЖӨБ” МИнин жылытуу жана ысык суу менен жабдуу муктаждыктарына калкка берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан зыяндарын (субсидияларын) компенсациялоо акысыз жана кайтарылгыс негизде жүзөгө ашырылат.
39. Продукциянын (жылуулук энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
40. “Нарын РАЖӨБ” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
41. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Нарын РАЖӨБ” МИге берилиши мүмкүн.
42. “Нарын РАЖӨБ” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Нарын РАЖӨБ” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
43. “Нарын РАЖӨБ” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Нарын РАЖӨБ” МИге бекитилип берилет.
44. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Нарын РАЖӨБ” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмес) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулат.
45. “Нарын РАЖӨБ” МИнин өндүрүштүк-чарбачылык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар төлөнгөндөн кийин “Нарын РАЖӨБ” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
46. “Нарын РАЖӨБ” МИ бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин “Нарын РАЖӨБ” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
47. “Нарын РАЖӨБ” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Нарын РАЖӨБ” МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
48. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Нарын РАЖӨБ” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Нарын РАЖӨБ” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
49. “Нарын РАЖӨБ” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
1) “Нарын РАЖӨБ” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Нарын РАЖӨБ” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Нарын РАЖӨБ” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчёту “Нарын РАЖӨБ” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчётуна киргизилиши керек.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
50. “Нарын РАЖӨБ” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
51. “Нарын РАЖӨБ” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.