Загрузка документа…
| 7-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Жалал-Абад райондор
аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк
бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугунда негизделип, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп саналат.
2. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Джалал-Абадское межрайонное производственное объединение теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Джалал-Абадское межрайонное производственное объединение теплоснабжения”.
5. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Сузак көчөсү, 26.
6. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин уюштуруучусу болуп саналат жана “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИге бекитип берилген мүлккө карата ээлик кылуу укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
8. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максатына ылайык келүүчү жарандык укуктары бар жана ага ушул иштери менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
11. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишинин негизги түрлөрү: жылуулук энергиясын өндүрүү жана керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоо түрүндө сатуу.
12. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишинин максаттары болуп жылуулук энергиясы менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле жылуулук менен камсыздоо тармагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик программаларын, социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат.
13. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин негизги милдеттерине керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо кирет.
14. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
17. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
18. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) откана жабдууларынын объекттеринде, курулмаларда жана коммуникацияларда иштешин чарба жүргүзүү укугунда камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, откана жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоочу-калыбына келтирүүчү, ишке киргизүүчү иштерди аткарат;
4) откана чарбасы жана инженердик инфратүзүм объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук менен жабдуу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
6) бир түзүлүштүн – когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерация) кайра айландырат;
7) жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу максатында материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
8) филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өнүктүрөт;
9) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электр энергиясын) камдайт;
10) жылуулук энергиясынын бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
11) отунду, сарпталуучу материалдарды, откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алат, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алат;
12) жылуулук менен жабдуу объекттерин иштетүүнүн кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну ишке киргизет;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын объекттеринде жана инженердик курулмаларында откана жабдууларынын туруктуу, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
15) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти жана коопсуздук техникасын сактоо боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) өз компетенциясынын чегинде жылуулук менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, андан ары кароого жана демилгелөөгө мамлекеттик башкаруу органына же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
18) өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
19. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болуп калган жабдуулар менен башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышууга (мүчө болууга);
11) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
12) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, бирок “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин системасынын кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
20. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгек жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
21. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишин директор жетектейт, аны кызматка мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындайт.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга жана милдеттерге ээ болуу менен өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
22. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директору ээлеген кызматынан мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бошотулат.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча отчетун кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
23. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИде директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
Директордун орун басарлары эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
24. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директорунун орун басарлары төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директорунун орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
25. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директоруна карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директоруна сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
26. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде жоюлганына карабастан;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулгандар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
27. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директору:
1) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруусу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылат;
4) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди орун басарлары менен макулдашуу боюнча бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин бекитилген бюджетине ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
12) директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
13) чарбалык жана финансылык ишти текшерүүнү (ревизия жана аудит) уюштурат;
14) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
15) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчетторду, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык иштерин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
16) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
17) келерки финансылык жылга карата “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
18) келерки финансылык жылга карата “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
19) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
21) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
23) откана чарбасынын объекттеринин, инженердик инфратүзүмүнүн натыйжалуу пайдаланылуусун жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
24) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
25) кызматтык нускамаларды, кызматка квалификациялык талаптарды, “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
26) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
27) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин иш режимин бекитет;
28) белгиленген тартипте “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
29) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрөт;
30) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук жактан агартууга багытталган чараларды көрөт;
31) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
32) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин иши тууралуу отчет берет;
33) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт;
34) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнын киреше жана чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
28. Директор жок болгон учурда “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишин директордун буйругу менен аныкталган директордун орун басары жетектейт.
29. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленгенге чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган директордун орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчет берүү
30. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ өз ишин толук чарбалык эсеп жүргүзүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн актоочулук принциптеринде жүргүзөт.
31. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырат.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармактын жана рыноктун баяндамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
32. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун, анын ичинде “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту берет.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
33. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИни кармоого кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
34. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары жана наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
35. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбакер коомдор менен жамааттардын уставдык капиталына салууга же башка ыкмалар менен аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
36. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарылгыс негизде калктын жылуулукка болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин тарткан зыяндары компенсацияланат (субсидиялар).
37. Продукциянын (жылуулук энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
38. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
39. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИге берилиши мүмкүн.
40. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
41. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИге бекитип берилет.
42. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулат.
43. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин өндүрүштүк-чарбачылык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар төлөнгөндөн кийин “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин карамагында калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
44. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруу органына;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
45. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
46. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
47. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
1) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчетуна киргизилиши керек.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
48. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
49. “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.