ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
2024-жылдын 5-марты №23/11
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Булуң айылы экинчи этапка киргизилгендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Булуң айылы экинчи этапка киргизилгендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүүбоюнча айыл өкмөт башчынын баяндамасын угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Ак-Булуң айылы экинчи этапка киргизилгендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берилсин.
2. Токтом WEB сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин, токтомду WEB сайтка жарыялоо жагы Чет-Нура айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы Султанбек уулу Эсенге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага | М. Өмүрбеков |