Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-июну № 2237-VII
"Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан киргизилген сунуштарды эске алуу менен "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбооруна макулдук берилсин (тиркелет).
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 2237-VII токтомуна тиркеме
|
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин )
СУНУШТАРЫ
Сотко кайрылууда мамлекеттик алым төлөөдөн толук жана жарым-жартылай бошотулган жактардын категориясын аныктоо тизмесинин долбоорунун редакциясы | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) жазуу жүзүндөгү сунуштары: | Сотко кайрылууда мамлекеттик алым төлөөдөн толук жана жарым-жартылай бошотулган жактардын категориясын аныктоо тизмесинин киргизилген сунуштарды эске алынган редакциясы |
1. Сот органдарына жарандык, экономикалык иштер боюнча кайрылууда мамлекеттик төлөмдү төгүүдөн толук бошотуу укугу алардын кирешеси жана ишке жарамсыз багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн кирешеси Улуттук статистикалык комитети тарабынан бекитилген жашоо минимумунан төмөн болгон учурда төмөндөгү белгиленген категориядагы жактарга берилет: 2. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана аларга теңештирилген жактар; 3. «Баатыр эне» наамы ыйгарылган энелер; 4. айыкпаган оорулар менен жабыркаган жана СПИД менен ооруган жарандар. | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) сунушу: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин талаптарынын мазмунуна ылайык, эгерде адамдын кирешесинин өлчөмүнүн суммасы анын жашоо-тиричилигин камсыздоого жетпесе ал сотко кайрылууда мамлекеттик алым төлөөдөн толук бошотулушу керек деп белгиленген. Буга байланыштуу, бардык адамдарды (анын ичинде ишке жарамсыз багуусундагы адамдардын муктаждыгын кошо эске алуу менен) сотко кайрылууда мамлекеттик алым төлөөдөн толук жана жарым-жартылай, мамлекеттик төлөм акысынан 50 пайыздан ашпаган көлөмдө бошотуу керектигин белгилеп, Тизменин 1-пунктун төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайт: “1. Сот органдарына жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайрылууда мамлекеттик төлөмдү төгүүдөн толук бошотуу укугу физикалык жактарга эгерде алардын кирешеси (анын ичинде ишке жарамсыз багуусундагы адамдардын муктаждыгын кошо эске алуу менен) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан бекитилген жашоо минимумунан төмөн болгон учурда берилет.”. Комитет бул сунушту кабыл алууну сунуштайт. | 1. Сот органдарына жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайрылууда мамлекеттик төлөмдү төгүүдөн толук бошотуу укугу физикалык жактарга эгерде алардын кирешеси (анын ичинде ишке жарамсыз багуусундагы адамдардын муктаждыгын кошо эске алуу менен) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан бекитилген жашоо минимумунан төмөн болгон учурда берилет. |
1. Сот органдарына жарандык, экономикалык иштер боюнча кайрылууда төмөндө көрсөтүлгөн категориядагы жактарга, алардын кирешеси жана ишке жарамсыз багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн кирешеси Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан бекитилген орточо эмгек маянасынан төмөн учурда жарым-жартылай, мамлекеттик төлөм акысынан 50 пайыздан ашпаган көлөмдө бошотуу укугу берилет: 2. он сегиз жашка чейинки үч жана андан көп балдары бар жарандар; 3. баласы/балдары бар жалгыз бой жарандар; 4. курагы боюнча пенсионерлер; 5. түзөтүү мекемелеринен бошоп чыккан адамдар; 6. бойго жетелекте ата-энесинен айрылган жетим, ата-эненин камкордугунан ажыраган жыйырма бир жашка чыга элек балдарды асырап алгандар, камкорчулар (көзөмөлчүлөр) - асырап алынган, камкордукка алынган балдардын укуктарын жана таламдарын коргоого байланышкан доолор боюнча; 7. үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө доолор боюнча. | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) сунушу: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин талаптарынын мазмунуна ылайык, эгерде адамдын кирешесинин өлчөмүнүн суммасы анын жашоо-тиричилигин камсыздоого жетпесе ал сотко кайрылууда мамлекеттик алым төлөөдөн толук бошотулушу керек деп белгиленген. Буга байланыштуу, бардык адамдарды (анын ичинде ишке жарамсыз багуусундагы адамдардын муктаждыгын кошо эске алуу менен) сотко кайрылууда мамлекеттик алым төлөөдөн толук жана жарым-жартылай, мамлекеттик төлөм акысынан 50 пайыздан ашпаган көлөмдө бошотуу керектигин белгилеп, Тизменин 1-пунктун төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайт: “2. Сот органдарына жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайрылууда мамлекеттик төлөмдөн жарым-жартылай, мамлекеттик төлөм акысынан 50 пайыздан ашпаган көлөмдө бошотуу укугу физикалык жактарга эгерде алардын кирешеси (анын ичинде ишке жарамсыз багуусундагы адамдардын муктаждыгын кошо эске алуу менен) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан бекитилген орточо эмгек маянасынан төмөн болгон учурда берилет.”. Комитет бул сунушту кабыл алууну сунуштайт. | 2. Сот органдарына жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайрылууда мамлекеттик төлөмдү төлөөдөн жарым-жартылай, мамлекеттик төлөм акысынан 50 пайыздан ашпаган көлөмдө бошотуу укугу физикалык жактарга эгерде алардын кирешеси (анын ичинде ишке жарамсыз багуусундагы адамдардын муктаждыгын кошо эске алуу менен) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан бекитилген орточо эмгек маянасынан төмөн болгон учурда берилет. |
3. Түзөтүү мекемелеринен бошоп чыккан адамдар, бошоп чыккан убактан баштап бир жылга чейин ушул тиркеменин 2 пунктунда көрсөтүлгөн талаптар боюнча мамлекеттик төлөм акысынан жарым-жартылай бошотулууга укуктуу. | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) сунушу: Тизменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдерди алып салууну сунуштайт, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциянын 104-беренесине ылайык, материалдык мүмкүнчүлүктүн жоктугу мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу үчүн негиз болуп саналат. Эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотуунун өзү эле мындай негиз болуп саналбайт. Эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жана мамлекеттик алым төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок адам өзүнүн финансылык жактан кудуретсиздигин компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген тиешелүү документтер жана маалымкаттар менен тастыктай алат. Комитет бул сунушту кабыл алууну сунуштайт. |
|
8. Ушул Тизменин 1 жана 2 пункттарында көрсөтүлгөн жактардын социалдык абалын аныктоо үчүн кошумча документтердин тизмеси: 1) 18 жашка чейинки 3 жана андан көп балдары бар жарандар үчүн: - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; 2) баласы/балдары бар жалгыз бой кишилер үчүн: - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - баланы/балдарды жалгыз тарбиялаганын тастыктаган соттун процессуалдык актысынын же ата-энесинин биринин өлүмү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү; - алименттерди алгандыгы тууралуу иш-кагаз (жубайдын жумушунан маалым кат, соттун чечими); 3) курагы боюнча пенсионерлер үчүн: - алган пенсиясынын өлчөмү жөнүндө тастыктаган социалдык камсыздоо тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын маалымкаты; 4) түзөтүү мекемесинен бошотулган жактар үчүн: - соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган макамын тастыктоочу түзөтүү мекемесинин, тергөөчүнүн, соттун тийиштүү документи/справкасы; 5) бойго жетелекте ата-энесинен айрылган жетим, ата-эненин камкордугунан ажыраган жыйырма бир жашка чыга элек балдарды асырап алгандар, камкорчулар (көзөмөлчүлөр) үчүн: - баланы/балдарды жалгыз тарбиялаганын тастыктаган соттун процессуалдык актысынын көчүрмөсү; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; 6) үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн: - ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордери же үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы макамын тастыктай турган тергөөчүнүн справкасы; 7) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана ага теңештирилген жактар үчүн: - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу же майыбы күбөлүгү, ошондой эле аларга теңештирилген жак экенин тастыктоочу документтин көчүрмөсү; 8) «Баатыр эне» наамы ыйгарылган эне үчүн: - «Баатыр эне» наамын алгандыгын тастыкточочу күбөлүктүн көчүрмөсү; 9) айыкпаган оорулар менен жабыркаган жана СПИД менен ооруган жарандар үчүн: - мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесинен дартты тастыктоочу маалымкат. | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) сунушу: Ошуну менен бирге, аталган Тизменин 8-пунктунда көрсөтүлгөндөй, арыз берүүчүнүн социалдык статусун аныктоо үчүн кошумча документтерди талап кылуу жогорудагы аталган конституциялык ченемдин жоболоруна карама-каршы келерин эске алуу менен, бул кошумча талаптар көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн сотко кайрылуу жана сот адилеттигине жетүү укугун ишке ашырууга тоскоолдук жаратат деп эсептейт. Ал эми, бул ченемдерди Тизмеден алып салуу мыйзам алдында теңчилик принцибин камсыз кылууга жана сотко кайрылууда жарандардын айрым категорияларына негизсиз артыкчылыктарды бербөөгө шарт түзөт. Комитет бул сунушту кабыл алууну сунуштайт. |
|