ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
2024-жылдын 5-марты №23/12
Чет-Нура айыл аймагынын чек арасы жөнүндө
Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чет-Нура айыл амагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 жарлыгынын негизинде учурдагы чек араларын өзгөрүүсүз калтыруу менен Чет-Нура айыл аймагы түзүлгөн.
2. Чек аралары өзгөрүүсүз калтырылган Чет-Нура айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
3. Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөт башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Өмүрбеков |