АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2023-жылдын 3-февралындагы № 155
Аялдар Кеңешине 2023-жыл ичинде ар кандай иш-чараларды аткарууга акча каражаттын бөлүү жөнүндө
Аялдар Кеңешинин төрайымынын 2023-жылдын жыл ичинде ар кандай иш-чараларды аткарууга 20 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карп жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:
1. Аялдар Кеңешинин төрайымынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Аялдар Кеңешине жергиликтүү бюджеттин 2215-беренесиндеги социалдык иш-чаралар бөлүмүнөн 20 миң сом акча каражаты түзүлгөн сметанын негизинде 2023-жыл ичинде өткөрүлүүчү ар кандай иш-чараларга жана райондук облустук деңгээлде өтүлүүчү иш-чараларга катышууну камсыз кылуу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| А.С.Кыдыров |