Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июну № 2242-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
К.К.Боконтаевди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;
"2024-жылдын 12-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Digital CASA - Кыргыз Республикасы долбоору үчүн кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Digital CASA - Кыргыз Республикасы долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Электр менен жабдууну санариптештирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Электр менен жабдууну санариптештирүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) жана 2024-жылдын 29-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген жагы катары аракеттенүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Туруктуу жана жашоого туруктуу ландшафттар үчүн глобалдык өнөктөштүктүн Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Корея жана Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун Бирдиктүү донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасы ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) жана 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ветеринария жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "CASA-1000" Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "CASA-1000" Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кошумча макулдашууну түзгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2023-жылдын 4-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 26-мартында Сочи шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын уран казуу жана тоо-кен өндүрүштөрүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу режимине кайтаруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө;
"2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы "Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт" долбоорун (РЖЖТД-Адапт) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча мыйзамдардын аткарылышын иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |