Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 156

 

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Айыл тургуну Бөкөлөев Болотбектин 31.01.1992-жылы “Ормон” дыйкан чарбасына берилген Талды-Булак өзөнүндөгү “Чырканак -Башат” коктусундагы жер тикесинен 0,25 га жер участогун короо-сарай салууга уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Айыл тургуну Бөкөлөев Болотбектин арызы канаатандырылсын.

2. Талды-Булак өзөнүндөгү “Чырканак-Башат” коктусундагы арыз ээсине 1992-жылдагы жер реформасында бөлүнгөн жер тикесинен 0,25 га жер участогуна короо-сарай салууга урукскт берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.С.Кыдыров