Загрузка документа…
| 8-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 345 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигине караштуу “Кант жылуулук менен
жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” (мындан ары – “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ) чарба жүргүзүү укугунда негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” Министрликтин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучусу болуп саналат.
2. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Кантское предприятие теплоснабжения” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
4. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кант жылуулук менен жабдуу” ишканасы” МИ;
– расмий тилде: “ГП “Кантское предприятие теплоснабжения”.
5. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин юридикалык дареги: 725000, Кыргыз Республикасы, Кант шаары, Токтогул көчөсү, 60.
6. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-бөлүм. Укуктук жоболор
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруучусу болуп саналат, ал “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге бекитилип берилген мүлккө карата менчик укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат, ал “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
8. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
9. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максатына ылайык келүүчү жарандык укуктары бар жана ага ушул иши менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
10. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ толук фирмалык аталышын камтыган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
11. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин негизги түрлөрү болуп керектөөчүлөргө жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу, электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу, керектөөчүлөрдү ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу менен камсыз кылуу саналат.
12. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин максаттары болуп калктын жана башка керектөөчүлөрдүн жылуулук, электр, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылуулук жана суу менен камсыздоо тармагындагы мамлекеттик программаларын жана социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
13. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин негизги милдеттери азыраак чыгым менен керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы, ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу болуп саналат.
14. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
15. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчиликти (кепилдикти) өзүнө алган учурларды кошпогондо, “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
16. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрлөрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү ишке ашырууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга укуктуу жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча өз мүлкүнүн чегинде жоопкерчилик тартат.
17. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
18. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин борбордук аппарат, филиалдар жана өкүлчүлүктөр аркылуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
19. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) чарба жүргүзүү укугунда объекттерде, курулмаларда жана коммуникацияларда отказандардын жана отказан жабдууларынын иштешин камсыз кылат;
2) отказан жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, отказандарды жана отказан жабдууларын монтаждоо, пландык-алдын алуу, оңдоо-калыбына келтирүү, ишке киргизүү иштерин аткарат;
4) отказан чарбасынын объекттерин жана инженердик инфратүзүмдү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлерде жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук, электр жана суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
6) бир түзүлүштүн – когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерация) кайра айландырат;
7) аварияларды жоюу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт, жылытуу мезгилинде иштен чыккан откананы, инженердик жабдууну алмаштырат;
8) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдұ жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өнүктүрөт;
9) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электрэнергиясын) камдайт;
10) жылуулук, электр энергиясынын жана ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарды талдайт жана контролдойт;
11) отунду, чыгымдалуучу материалдарды, отказандарды жана отказан жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле отказан чарбаларына отун жана товарларды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүүчү субсидиялардын эсебинен сатып алуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
12) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин эксплуатациялоонун кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды киргизет, отказандарын отундун альтернативдүү түрлөрүнө которууну жүзөгө ашырат;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын объекттеринде жана инженердик курулмаларында отказандардын, отказан жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
15) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти жана коопсуздук техникасын сактоо боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) өз компетенциясынын чегинде жылуулук, электр жана суу менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, андан ары мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жана демилгелөөсүнө киргизет;
18) “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жарандык коргонуусун уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жараксыз болуп калган жабдууларды жана башка мүлктү баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөгө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышуучу (мүчө) болууга;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, бирок “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
22. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди коопсуз эмгек шарттары менен камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчёт берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилигин директор ишке ашырат, ал мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан мамлекеттик ишканалардын башкаруу кадрларынын резервинен сунушталган адамдардын арасынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктары, милдеттери бар жана өзүнүн иши үчүн жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
24. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.
25. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттер үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
26. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу, ошондой эле ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директоруна сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
27. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары, анын ичинде жоюлган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулгандар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
28. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору:
1) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылат;
4) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди бекитет;
10) Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет. Мында директордун алмашуусу аларды өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
12) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бекитилген бюджетине ылайык директордун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
13) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт, ыйгарым укуктарын белгилейт;
14) өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишине текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
15) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
16) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
17) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
18) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки финансылык жылга бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
19) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки финансылык жылга бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө киргизет;
20) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
21) Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
23) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
24) отказан чарбасынын объекттерин, инженердик инфраструктурасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык оң абалда күтүү, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердин жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
25) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
26) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды, кызматтык нускамаларды бекитет;
27) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
28) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш режимин макулдашуу боюнча бекитет;
29) белгиленген тартипте “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
30) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
31) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле укуктук агартууга жана коррупцияга каршы жүрүм-турумга түрткү берүүгө багытталган чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат;
32) өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
33) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруу органынын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иши тууралуу отчёт берет;
34) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт;
35) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ киреше жана чыгаша сметасын иштеп чыгат жана бекитет.
29. Директор жок болгон учурда “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ иш директордун буйругу менен аныкталган кызматкерге жүктөлөт.
30. Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин анын милдеттерин аткарууну мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган ишкананын кызматкери жүзөгө ашырат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана
отчеттуулук
31. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өз ишин толук чарбалык эсеп, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүү каражаттарына ээ.
32. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырат.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын чечмеленишин;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктердин талдоону.
33. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору ушул жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
34. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ күтүүгө кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
35. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы өз алдынча баланста чагылдырылат жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болот.
36. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
37. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарылгыс негизде калктын жылуулукка болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин зыяндары (субсидиялар) компенсацияланат.
38.Продукциянын (жылуулук энергиясы жана электр энергиясы) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
39. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайым келишимдерин түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашуу боюнча зайымдык каражаттарды тарта алат.
40. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИге берилиши мүмкүн.
41. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудан алынган кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
42. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ бекитип берилет.
43. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулат.
44. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин өндүрүштүк-чарбалык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бюджетке бардык чегерүүлөрдү жана төлөмдөрдү, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин карамагында калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга багытталат.
45. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИ бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык финансылык отчетту түзөт. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруучу органга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
46. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
47. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
48. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
1) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудитине байланыштуу башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчёту “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчётуна киргизилиши керек.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
49. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
50. “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы” МИнин иш процессинде, кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.