Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-февралындагы № 161
Айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын кайрылуусун кароо
Айылдагы Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директорунун 3 фазалуу генератор сатып берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:
1. Айылдагы Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директорунун кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Мекемеге жергиликтүү бюджеттин 3112-беренесинен бала бакчага каралган ар кандай эмерек сатып алуу бөлүмүнөн 3 фазалуу генератор сатып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| А.С.Кыдыров |