КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июну № 2246-VII
"2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) жана 2024-жылдын 29-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген жагы катары аракеттенүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 26-апрелиндеги чыг. № 18-3567) "2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) жана 2024-жылдын 29-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген жагы катары аракеттенүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |