Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү XXIV сессиясы
2024-жылдын 7-майы №24/2
Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2024-жылга жаздоо-күздөө жайлоого көчүп-конуу, мал багуунун баасы, корук, сугат, жайлоодон көчүп келүү боюнча элдик жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2024-жылга жаздоо-күздөө жайлоого көчүп-конуу, мал багуунун баасы, корук, сугат, жайлоодон көчүп келүү боюнча элдик жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын баяндамаларын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2024-жылга жаздоо-күздөө жайлоого көчүп-конуу, мал багуунун баасы, корук, сугат, жайлоодон көчүп келүү боюнча Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылынын 2024-жылдын 9-апрелиндеги №3, Ак-Кыя айылынын 2024-жылдын 1-апрелиндеги №2, Чет-Нура айылынын №2, Орто-Нура айылынын 2024-жылдын 4-апрелиндеги №2, Ак-Булуң айылынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги №2, Ийри-Суу айылынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги №2, Төш-Булак айылынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги №2, Орук-Там айылындагы 2024-жылдын 10-апрелиндеги №2 кабыл алынган элдик жыйындарынын протоколдору бекитилсин жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин. (Айылдардын элдик протоколдору тиркелет)
2. Кабыл алынган ар бир айылдын элдик протоколдоруна баш ийбеген тургундарга мыйзам чегинде айып пулдар салынсын жана чаралар көрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Өмүрбеков |