Редакцияот 26.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 26-июну № 2247-VII

"2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 14-майындагы чыг. № 18-4007) "2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

               Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев