Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-февралындагы № 168
Айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын кайрылуусун кароо жөнүндө
Арал айылындагы “Төшмашат” ИСКАКБнин жетекчисинин ремонт иштерине жана керектүү жабдууларды алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:
1. Арал айылындагы “Төшмашат” ИСКАКБнин жетекчиси Б.Сыдыгалиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Айылдагы 3 суу сактоочу жайларга(Төшмашат, Кодол, Замир) капкак алууга айнек, эшиктерин жаңыртууга, хлор салуучу идиштерди сатып алууга, тегерегин курчоого, ж.б. ремонт иштерин жүргүзүүгө түзүлгөн сметанын негизинде 100,0 миң сом каражаты жергиликтүү бюджеттин 2215-беренесиндеги ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| А.С.Кыдыров |