Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү XXIV сессиясы
2024-жылдын 7-майы №24/3
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Үч-Нура таза аймак» муниципалдык ишканасынын мал жандыктарга болгон жайыт акысын көтөрүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Үч-Нура таза аймак» муниципалдык ишканасынын мал жандыктарга болгон жайыт акысын көтөрүү жөнүндө “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын мал жандыка болгон жайыт акысы бодо малга 100 сом, майда жандыка 20 сом болуп бекитилсин.
2. Жайыт планына ылайык төлөмдөрдү өз убагында чогултуу жана иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Үч-Нура таза аймак» муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага | М. Өмүрбеков |