Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 169

 

Күйүүчү майга керектүү акча каражаттын бөлүү жөнүндө

 

Арал айыл өкмөтүнүн жер адиси Мамбеталиев Ортокбайдын КР Президентинин “Жер Мунапысы” боюнча Жарлыгын аткарууга алуу максатында 2023-жылга күйүүчү майга керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Арал айыл өкмөтүнүн жер адиси Мамбеталиев Ортокбайдын КР Президентинин “Жер Мунапысы” боюнча Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2023-жылга күйүүчү майга керектелүүчү акча каржатын бөлүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылып, жергиликтүү бюджеттин 2215-беренесиндеги ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн 50 миң сом акча каражаты каралсын.

2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.С.Кыдыров